www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-депутат, профессор, мурунку Билим берүү министри Каныбек Осмоналиев менен NazarNews.kg маалымат агенттиги  Атамбаевдин доорунда билим берүү системасындагы катачылыктарды айтып, окуу китептерин басууга бөлүнгөн 5-10-30 миллион долларлык каражаттар кайда коротулганын парламент трибунасынан сураганы үчүн коррупционер деген атка конуп кала жаздаган Каныбек Осмоналиевди кепке тартып, актаган чечим чыгарган сот процесси боюнча баарлаштык.

 -Каныбек агай, 6- декабрдагы Бишкектин коллегиялык соту сизди толугу менен актаган чечим чыгарыптыр. Чечим чыканча Биринчи май райондук сотунун чечими жокко чыгып калат деген кооптонуу болдубу?

- Чынын айтсам, райондук соттун чечимин бир нече жолу абдан кылдат окуп чыктым,  колума карандаш алып. Жакшы сабаттуу жазылыптыр. Тергөөнүн бардык дооматтарына менин жана адвокаттарым менен бирге берген жоопторубуз туура жана мыйзамдуу түрдө чагылдырылыптыр. Бул сабаттуу сот Эмил Кайыповдун иши деп бааладым. Менде катуу ишеним пайда болду. Өзүмдү кайраттуу эле сезип жүрдүм. Бирок, мурунку бийликтин учурундагы кээ бир соттордун адепсиз иштери ойлондурбай койгон жок. Күтүүсүз нерселер болуусу толук мүмкүн эле! Бактыма жараша Бишкек коллегиялык сотунун Аккозиев, Чериков жана Кожомбердиевдер катышкан мүчөлөрү мыйзамды кылдат сакташып мени актаган чечим чыгарып беришти. Адилеттүүлүк бар экенинен канааттанып турам! Карапайым элдин бактысына ушундай соттор көп болсо экен деп тилек кылып олтурам!

-Айыптоочулар эми Жогорку сотко да беришеби?

-Мыйзам боюнча беришке акылары бар. Мен өзүм да кызыктармын! Анткени, Жогорку соттун чечими түбөлүктүү жана талкууга алынбай турган статуста болот. Тергөөчүлөрдүн одоно, ырайымсыз жана мыйзамсыз иштерине андан кийин баа берилүүгө жол ачылат эле!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости