www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусунун губернатору Абиш Халмурзаевдин бары-жогу билинбейт. Облустун прокурору Анарбай Мамажакыпов киши колдуу болуп өлүп жатса, ага шектүү делип облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси күнөөлөнүп олтурса, Абиш Халмурзаев оозуна халва салып алгандай үн чыгарганга жарабайт.
Облустагы мамлекеттик мекемелердин жетекчилери бири-бирин өлтүрүп жатса, облусту башкарган адамдын мындан кийин кызматта олтурганы моралдык жактан туура болобу?
Халмурзаев көзүм көрбөсө болду, мага кызмат керек деген ыкманы карманбастан, өз каалоосу менен облусту жөндөй албаганын моюнга алып кетип калса жигиттик кылмак.
Булак: “Жаңы ордо”