www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Француз бийлиги ишемби күнгө белгиленген нааразылык акцияларынын алдында бир нече шаарга кошумча коопсуздук кызматкерлерин жөнөтөрүн билдирди. Париждеги бир катар белгилүү туристтик жайлар, дүкөндөр, музейлер, алардын ичинде Эйфел мунарасы да 8-декабрда жабык болот.

Өкмөт башчы Эдуар Филипп бул күнү Франциянын аймактарында 89 миң полиция кызматкери коопсуздукту камсыз кылаарын жергиликтүү телеканалга айтты. Парижде аскердик техникалар менен камсыздалган сегиз миң тартип коргоо кызматкерлери иш алып барат. Ишемби күнү Францияда "сары кемселчендер" деген атка конгон демонстранттар үчүнчү апта катары менен өкмөткө каршы жүрүштөргө чыгышат.

Өкмөттүн күйүүчү майга салык киргизүү планына каршы уюштурулган буга чейинки акциялар ири башаламандыктар менен коштолгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости