www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Унаа түртүп бараткан 18 жаштагы жигитти сүзүп кеткен адам ИИМ кызматкери эртеси кармалган.

Ак-Суу райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы эки айга камакка алынды. Мындай чечим Ысык-Ата райондук соту тарабынан 7-декабрда кабыл алынганын Чүй ОИИББнин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жол кырсыгы 3-декабрда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунунун 33-чакырымында түнкү саат 02:20 чамасында болгон. Анда жолдо бузулган унаасын түртүп бараткан Кегети айылынын 18 жаштагы тургунун Мерседес үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу сүзүп, эч кандай жардам көрсөтпөстөн окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада С.Б. аттуу жабырлануучу оор жаракаттардан улам ооруканага жетпей жолдон каза болуп калган. Аталган кылмыш ишке шектелип 4-декабрь күнү Мерседес-Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, 1955-жылы туулган О.А. аттуу Дмитриевка айылынын тургуну кармалган.

Кийин ИИМдин Ички иликтөө кызматынын жүргүзгөн иликтөөсүнүн натыйжасында, рулда Ак-Суу РИИБинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн О.М. аттуу башчысы экендиги аныкталган. Ал сурак берип жатып кылмышты жасаганын моюнуна алган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости