www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жумада Ташкент облусундагы Жогорку Чырчык районунун ички иштер бөлүмүндө иштегендер Куран кармап, пара албоого, алдамчылык кылбоого ант беришти. Социалдык тармактарга аталган райондун милициясынын кеңсесиндеги ант берүү аземинде тартылган сүрөт тарады.

Жогорку Чырчык ИИБда иштеген, жазалануудан чочулап атын атагысы келбеген кызматкердин "Азаттыктын" өзбек кызматына билдиргенине караганда, ант берүү райондун имамынын катышуусунда өттү:

- Жеке курамдагы ар бир кызматкер Курандын өзбек тилиндеги нускасын кармап, жемкорлук жана алдамчылык кылбоого ант беришти, - деген ал.

Аталган райондук милициянын нөөмөтчүсү болсо бул жаатта маалымат алуу үчүн жетекчиликке кайрылуу керектигин белгиледи. Райондун имамы комментарий берүүдөн баш тартты. Өзбекстандын Ички иштер академиясында иштеген окутуучунун айтымында, Куран кармап ант берүү жогору жактын буйругу эмес, райондук милициянын жетекчилигинин демилгеси болушу ыктымал, - деп жазат Азаттык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости