www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Каныбек Осмоналиевич, мына, кайрадан митингдер башталды. Кандай деп ойлойсуз, ушундай акциялар бара-бара элдин чоң нааразычылыгына айланып кетпейби?
- Мени да ошол нерсе абдан түйшөлдүрүп, ойлонтуп жатат. Мен өзумдүн мүнөзүм боюнча ар кандай революциялардан алыс кишимин. Өзү окумуштуулар, айрыкча физик-математиктер андайдан алыс болушат. Бирок, нааразылыктардын күчөө коркунучу бар. Эмне үчүн андай болууда? Менимче, бийлик чечкинсиздик кылууда. Кичинекей эле нерсени чоң проблемага айландырып, чечкендин ордуна аркасынан сөз ээрчитип, элдин кыжырына тийип, чечкенде дагы бир нече жакшы варианттардын ичинен эң начарын тандап алгандары өкүнүчтүү. Бул аларга аброй алып келбейт да. Чындыгында эле сынчыл масса бара-бара көбөйүп, мурда экономикалык талаптар гана коюлуп келсе, эми саясый да талаптар коюла баштады. Аны токтотуп калуу президенттин аппаратынын, соратниктеринин милдети.
Булак: "Азия Ньюс"