www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ борборго, Кытайдан 60 жаңы, газ менен жүргөн автобустар келген. Бирок, тилекке каршы анын бири да майыптарга туура келбейт экен. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өкмөттүн отчетун угуу учурунда Бишкек шаарына сатылып алынган жаңы автобустар тууралуу сөз кылып, аларды «майыптарга ыңгайлуу эмес» деп сынга алды.

Анын айтымында,мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар боюнча конвенцияга кол коюлганы менен өкмөт тарабынан эч кандай жардам боло элек.

Ага жооп берген вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова конвенциянын шартына ылайык транспорттун кире бериши жана аялдамалар төмөн болушу керек экенин моюнга алып, муну «карап чыгууга» убада берди.

Аталган автобустар кытайлык ZHENGZHOU YUTONGBUS CO., LTD компаниясы 301,2 миллион сомго алып келгени кабарланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости