www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин «СДПК» фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина  Москвада өтүп жаткан парламенттер аралык  ассамблеяда туура эмес жерден чыгып  Кыргызстанда орус тилин дагы көтөрүү керектигин айтты. Бизде орус тили ошончолук эле өгөйлөнүп калдыбы? Эгер Карамушкина айткандай расмий тилге мамиле начар болсо  Карамушкина депутат болуп келбейт эле да. Сиздин пикир?

Кыргызстан өзүнүн жарандарына, айрыкча башка улуттагы жарандарга эң кеңири жол ачып алардын жарандык укуктарын коргоо боюнча  дүйнө жүзүндөгү эң алдыңкы өлкө болуп эсептелинет.  Баардык шарттар түзүлүп берген. Шайлоо  боюнча кодексти карай турган болсок бир гана Кыргызстанда  башка улуттарга  15% квота берген. Мындай нерсе бир дагы өлкөдө жок. Эми ушуну  Карамушкинага окшогон “азаматтар” көтөрө албай, аша чаап эркелеп тамтаңдап жатышат. Менимче “СДПК” фракциясы, Жогорку Кеңештин депутаттары ал кишини жетишет тартипке чакырып коюш керек. Анын үстүнө  Парламенттер аралык ассамблеяга барып алып сүйлөгөнү туура эмес.  Мен деле  ошол ассамблеяда мүчө болуп жүргөм. Тартип боюнча  өтө каттуу негизде күн тартибиндеги гана маселелер каралат. Эмнеге капталдан чыга  эле  ушинтип  сүйлөгөндүн өзү эң акылсыздык болуп эсептелинет.  Биринчи кезекте ал “СДПК” фракциясы менен  президентти уят кылып жатат.

Баян Кулова, "Жаңы ОРДО"

Последние новости