www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусияда улуттук кинематографияга кошкон албан салым үчүн берилчү “Ника” сыйлыгын тапшыруу салтанатында айрым жүрөктүү кинорежиссерлордун бийликке жага бербеген жан дүйнө кыйкырыгы биздеги КТРКдагыдай кыркылып-кесилип, Путинчил федералдык телеканалдарда салтанатка келгендердин баары ыраазы болуп тарагандай мазмундагы “татынакай сюжет” көрсөтүлүп тим болгон. Шибегени капка катса деле билинип кала турган азыркы замандын интернет ааламы “Ника” салтанатында айтылып, бирок телекөрөрмандар толук билбей калган чындыктарды баары бир соцтармактар аркылуу коомго жайып салды. Сыйлыкты колуна кармалап, анан бир саамга ойлоно, Орусиядагы коомдун чыңалуусу, элдин чыныгы деми.. ичине түтпөй “..мынтип жашоого болбойт,элди мынтип башкаруу болбойт!” деген мааниде жарыла сүйлөгөн кинорежиссер Александр Сокуровдун каяшасын Facebookтан мен да көрдүм. Саясатка муңайым орустар мынтчү эмес эле,..-деп ишенбей кайра-кайра кайталап көрдүм. Ойгонууга, тирилүүгө чакырган кинорежиссердун ачуу сөздөрү “эптеп өзүмүн оокатым өтсө болду..” деп, саясатты көрмөмүшкө салып, кайдыгер тирлик менен күн өткөрүп келаткан залда олтурган орус интеллигенция өкүлдөрүнүн көбүнүн көзүн чакчайтты, оозунан келмесин түшүрдү, “качанга чейин ушунтип жүрө беребиз?..” деген суроону өздөрүнө өздөрүн бергизди...
Сокуровдун тигинтип залды ойлонткон, стандарт-чийинден чыккан позициясын көрбөгөн чагымда деле, буга чейин башымда “..неге саясый кыйчалыш учурларда кыргыздын эл жакшылары, интеллигенциясы, оозунда омоктуу сөзү бар абройлуу адамдары үн чыгарышпайт, туураны-туура, туура эмесин-туура эмес деп айтышпайт?” деп чайналган суроолор көбөйүп, ага ынанымдуу жооп таба алчу эмесмин. Орус кинорежиссерунун жүрөгүнүн тээ түпкүрүнөн чыккан кыйкырыгы кыргыз интеллигенциясы тууралуу көптөн берки ойлонуп келе жаткан жоопсуз суроомду кайра козгоду. Өлкөбүздөгү өйдө-ылдый саясый-коомдук процесстерде дайыма куу тумшук болуп жаман көрүнө берчү категория бар, алар: журналисттер, активисттер, укук коргоочулар, өз оюн ачык айткан айрым саясый ишмерлер. Булардын ишинин мүнөзү коомдук окуялар менен эриш-аркак экени го баарына түшүнүктүү, бирок мени таңданткан нерсе – биздин заманда, биздин коомдо эмненин эмне, кимдин ким экенин сезип-туюп жаткан башка акыл эстүү катмарлар деле бар да? Медиктер, мугалимдер, окумуштуулар, профессорлор, философтор, илимдин кандидаттары, исскуство, өнөр адамдары, атактуу ырчылар, манасчылар, төкмөлөр, актерлор, тарыхчылар, жазуучулар, акындар..деген сыяктуу “эл жакшылары” деген топко сыярлык укмуш залкар катмар арабызда жашап жүрүшпөйбү? Алар эмнеге келечек муундарынын ырыскысына байланыштуу Кумтөр маселесинде үн чыгарышпайт? Алар эмне себептен Батукаевдин качырылышынын аркы-теркисин сезип турушса да былк этишпейт? Неге алар чек араларыбызда кандайдыр коога болгондо ак же көк деп добушун чыгарып коюшайт? Эмне үчүн мына ошол жакшыларыбыз баарыбыздын жашообузда кендирди кесип жаткан энергетика тарифине, Мегаком чырына, аэропорт четинде кулап түшкөн Боингдеги контрабандалык жүк боюнча лам деп ооз ачууга жарабайт? Эл жакшылары деле мамлекеттик башкаруудагы кадр саясаты профессионализмге эмес шоопурлук, жан сакчылык, досчулук ченем менен өлчөнүп жатканын сезип-байкап эле турушат да, неге анда тымпыйышат?
Жеке-жекеден сүйлөшө келсең, интеллигенция катмары деле өлкөбүздөгү муногу азыркы чалды-куйду саясат туура эмес экендигин, ал чийки саясат улам кыйшайгандан кыйшайып баратканын, а түгүл Атамбаев баягы эле кетмендин башын кайра тепсеп жатканын балээдей эле сүйлөп, анча-мынча акылы пештүү адамдын оюна келбеген обьективдүү, сапаттуу сындарды айтып кирсе, акылыңа акыл кошула түшкөндөй болот. Бирок эмнегедир эле басымдуу көпчүлүгүнүн тили байланганы байланган... Алар карапайым журтка караганда бийликтин осол жактарын тереңден көрүп, билип-туюп турушат, саясаттын ой-чункурларын жакшы талдай алган зээни бар, ичтеринен кимдин ким, эмненин эмне экенин жакшы аңдашат. Эл арасындагы кадырыма , топтогон аптарыйкатыма доо кетип калат дешеби, “койчу ошо саясат биздики эмес” дешип, балээге калбоонун аргасын ойлоп, илимпоздор илимин чукулап, жазуучу-акындар адабий-лирикалык дүйнөсүнө сүңгүп, мектеп,университеттерде мугалимдер, ректор, доцент, декан, профессорлор “биздин ишибиз сабак берүү” деген болушуп, ырчылар сахналарда, тойлордо обон созуп, төкмөлөр сүргүнгө айдалган Токтогулдун кейпин кийгиси келбей саясаттан оолагыраак жүрүп, киночулар ар кыл фестивалдар, прокаттык кирешелер менен алышып, тарыхчыларыбыз деле өз ааламы менен жашап, кыскасы коомдун бейпил жашоосун баягы эле журналисттер, укук коргоочулар, оппозициялык саясый ишмерлер удургутуп, тынчтык бербей аткансыгандай элес калтырышат...
Башкасы го мейли эле, өлкөнүн бир катар окуу жайларында юристтерди даярдап чыгарган, юридикалык факультетте сабак берген юристтер, доценттер, юридикалык илимдин кыйындары жүрөт, аларың деле билет президенттин, президент мыкчыган бийликтин кадамдарында юридикалык каталар, сабатсыздыктар, аша чабуучулуктар толтура экенин.. Сабаттуу делген юристтериң деле президент мамлекеттик саясаттын мамлекеттүүлүгүнө доо кетирген иштерди жасап жатканын кашкая көрүп турушса деле , теориялык көрпөсүн калыңыраак жамынууну улантышууда... Калк каймактары болчу катмардын шорун катырып, кендирин кесип жаткан нерсе эле баягы көр оокат, акча маселеси. Ким билет, балким туруктуу жумуштан, мамлекеттик сыйлыктан, ар кыл даражадан, наамдарга жетпей, өгөйлөнүп калбоонун аргасын кылып, саясаттагы ала куштун атынан атоого келгенде чөптөн да ылдый жөрмөлөп, бөдөнөй бөгүп калма позицияны карманып жүргөн интеллигенциябызды деле туура түшүнүшүбүз керектир?.. Кайран залкарлардын көбү кээде саясаттын жүрнарысына жетеленишип, элдин үйрөтүлгөн тобуна кошулуп “тынчтык бергилечи, революциялардан тажадык, тынч жашайлычы..” деп мамлекеттик маалымат каражаттарында кез-кез үн салып дүжүр-маек берип калышат. Президенттин буйругу менен наам, сыйлык, орден берилип калчу болсо “муну мен атамбаевден алып аттым беле..мамлекет берип атат да..” демиш болуп сый-ургаалдан деле баш тартышпайт... Бу макаланын өзөгү жазуучу-акындар калемин таштап, илимпоз илимин, мугалим сабагын, тарыхчы тарыхын, төкмөлөр комузун, ырчылар микрофонун ары ыргытып жапатырмак Кумтөр, Мегаком, Батукаев, Дача-су, энергетика тарифи, чек ара сыяктуу маселелерге баш оорутуп, митингге чыксын деген чакырык деле эмес. Тек гана, нравалык намыстын барометри жетээр чегине жетип, кызыл күйүп калганда орус кинорежиссеру Александр Сокуровдой болуп тарс жарылчулар биздин журт каймактарынын арасында деле бар чыгаар?- деген суроону бергим келип жатат...
Апам, атам чай үстүндө олтурганда же кээде атайы мага телефон чалышып көп кабатырланышат. “Жөн эле жүрчү балам, президентке, өкмөткө асылбачы, сындабачы, эмне,..аларда сендеги акыл жок дейсиңби, эптеп бир телевидениеге башыңы батырып, саясаты жок,.. гүлдөр, чымчыктар, бак дарактар тууралуу көрсөтүү жасап, кылдырап иштей берсеңчи!?”-дешет. Мамилелешип жүргөн өзүмөн улуу кээ бир агаларым: “ ..акырыын жүрө тур, булар чабышып, бир бирин жеп бүтсө кырдаал тынчып калаар, ошондо атыңды алкынтып чыгасың иним” дешет... Айтор кай жакты караба, өзүбүздү өзүбүз сооротмой. Качандыр бир убакта, саясый бороон басылып, кайсыдыр тараптан ак боз атын алкынткан баатыр чыга келип, адилет заман орнотуп берээрин күтүп отурмай... Бар балээнин баары кимде экенин кичинебизден чонубузга чейин түшүнүп турабыз, а бирок эптеп тилди тишке басып чыдап, чабышкан тараптын тиги жагына да, бул жагына да аралашпай, жаман көрүнбөй жашап туралычы..- деген амалдын артына бекинебиз. Нан таап берген камогума тийбесин, базардагы контейнериме асылбасын, жакшы айлыктуу ишимен бошотуп ийбесин, бизнесиме залакасы болбосун, дыйканчылыгыма тоскоолдук кылбасын,.. айтор ушунтип ар кимибиз өзүбүздү коруган, өзүбүздүн башыбызды саясый ызы-чуудан оолактаткан, өз жуурканыбызга бекем чүмкөнгөн өзүмчүл жашоо менен алекпиз... А мамлекетчи? Кайсы мамлекет, ким ал мамлекет дегениң, аның мага эмне кылып койду эле?!-деп чакчарылып тура калып үстөлдү бир муштоого даярбыз баарыбыз. Анткени мамлекеттин, мамлекет жүгөнүн колуна кармаган президенттин, анын айланасындагылардын коррупция менен күрөштүн өтөсүнө чыгаарына, элди күн-түн ойлоп күжүлдөп иштээрине, чынчылдыгына, калыстыгына, адилеттүүлүгүнө ишенбейбиз. Ишенбеген үчүн “аларың өздөрү очойтуп жешет да” деп эрегишип, паспорт үстөлдөгү коррупционер таанышыбыз, ооруканадагы паракор досубуз, МАИдеги 100 сом берсең телефон аркылуу кое бердиртчү курсташыбыз, мамкаттоодо маселени бат бүтүрүп берчү эжебиз, салык инпекциясындагы таякебиз, бажыканадагы бажабыз, университеттеги байкебиз, мектептеги жээнибиз, бала бакчадагы классташыбыз,.. айтор баардык жактарда “иш бүтүрүп бергич тааныштарыбыз” иштей бергени оң деп эсептеп жүргөнүбүз да чын...
Аа мына көрдүңөрбү, кептин баары элдин өзүндө экен! -дегени турасыңар го? Менимче күнөө элде эмес. Күнөө - бийлик вертикалынын чокусунда турган ПРЕЗИДЕНТТЕ! Анткени баардык башат президенттен башталат, баары президентке карап түздөнөт. Президент калп айтса, анын жанындагылар да калп айтат. Президент бирөөлөрдүн колу менен мамлекеттин мүлкүн уурдаса, андан кийинки катмар да сөзсүз уурдайт. Президент зөөкүрлөнсө анын оозунан чыккан сөздү аңдып турган милиция да зөөкүргө айланып митингге чыккан кыз-келин, аял эркек, кары-жашына карабай колун кайрып сабаган, кордогон чоң муштумга айланат. Президент эптеп-септеп иштесе, андан кийинкилер да иштегендей түр көрсөтүп эптеп септешет... Ушунтип чынжырлаша уланып жүрүп олтуруп, бала бакчада иштеген короо шыпыруучу да эптеп-септеп короону чала шыпырып, ашпозчусу да эптеп-септеп иштешмиш этип, бакчанын башчысы баш, тарбиячылары төш болуп балдардын ырыскысына бөлүнгөн картөшкө-пияздан, кумшекер, күрүчтөн кымтып уурдап, үйүнө ташыган коррупционерге айланышат. Президенттен башталган ууру система, бала бакчанын короо шыпыргычына чейин ушундайча таасир этип, сиз менен биз өзүбүз жашаган мамлекетти өзүбүз мына ушундай айлампа менен “зордуктап” жүрүп олтурабыз. Антпесек болбойт, ууру системага каршы чыгаарыбыз менен өзүбүз жумушсуз, бала чакабыз нансыз калышат. Ким кайсы гана тармакта иштебесин жетекчиге карата түздөнөт, жетекчи былык-чылыкты көрмөмүш болсо, кол астындагылары да көрмөксөн болушат, жетекчи укпагандай түр көрсөтсө, кол астынданылар да укпаган кебетеленет. Ал жетекчинин да жогор жакта турган жетекчиси, анын үстүнөн буйрук берип турган дагы бир оену, ал оендун үстүндө дагы бир ноену, ноендун төркү жагында андан да ашкан кыйыны, кыйындын моюнунда минип олтурган эрени, эренге буйрук берип турган бөйөнү, бөйөңдү башкарган чаяны дегендей.. ошентип бийиктеп-бийиктеп олтуруп өйдө карай бүгүлмөй вертикалдын чокусу - Атамбаевге жетип токтойт. Кайсы Атамбаев дейсизби? Кадимки эле,.. эл тишинин кирин соруп жүргөн 90-жылдардын ортосунда, “Тяжэлектромаш” комбинаты банкротко учурап, андагы кымбат баалуу станоктор Кытайга же башкаларга пулданып-сууланып кеткени белгисиз кезеңдерде: китеп сатып жүрүп элден мурун “мульти-миллионер” болгон, атамбаевдик заводдо илгери таразачы болуп иштеп, анан атамбаевдик буйрук менен Бишкек мэрлигине олтурган Албек Ибраимовдун аялынан Максим Бакиевдин менчигиндеги колдон колго өткөн жерди 33 миллион сомго сатып алып, зангыратып үй салган, эгер кааласа “суунун аркы өйүзүнө да келиштирип занкыйта үй салып коюуга” кудурети бар, Кудайдын кыргыздын пешенесине жазып койгон президенти Атамбаев тууралуу кеп болуп жатат...
Бирок, жогорудагынын баарын билип турсак да билмексенбиз, көрүп турсак да көрмөксөнбүз... А эмне экен? Жашаарга үйүбүз, иштээрге ишибиз, аздыр-көптүр айлыгыбыз, жээрге наныбыз бар. Атамбаевге каршы чыгып эмне кылам, ал деген Кудайдын көзү түшүп падышалык буйруган адам да? А падышаны сыйлаш керек, ага акаарат кылгандын өзү Кудайдын жазмышына каршы чыккан менен барабар дешет.. Коомдун туяр мээси, көрөөр көзү болчу интеллигенциянын өзүнө жамынаар, калкаланаар шылтоосу азыр кудум ушундай. Коом астындагы жеке кемчиликтерди, жеке өзүбүздү өзүбүз алдамайларды да Кудайга шылтап калдык...
Кудай бизге көргөндү көргөндөй , укканды уккандай калыс айтсын деп көз, кулак, тил бергенин ичтен билип турсак да, баарын жаратканга шылтай, Кудайдын такыр тиешеси жок - ажодон башталып ар бирибиздин кайдыгерлигибизден пайда болгон бороон-чапкын “..мага тийбей айланып өтүп кетсе экен..” деп дымып, төө кушка окшоп башыбызды кумга катканыбыз каткан...
журналист Эрнис Кыязов.
Булак: NazarNews.kg