www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Роза Отунбаева Алмазбек Атамбаевдин акыркы аракеттери боюнча билдирүү жасап, “саясий бечелдигин көрсөтүп, элди калканч кылып жатат” деген доомат койду. Бир жагынан Отунбаева туура эле айтып жатат. Бирок, ошол саясий бечел Атамбаевди 2011-жылы Отунбаева башында турган Убактылуу өкмөт президеттикке алып келген. Ал кезде эмне, байкабай калыштыбы?

Себеби түшүнүктүү. 2010-жылдан кийин алар бийликти каалагандай калчап, эптеп колдон чыгарбоонун айласын издешкен жана табышкан. Ал ошол кездеги акчалуу, бирок, элди адекваттуу башкарууга жөндөмү жок Атамбаев гана болчу, алардын пикиринде. Натыйжасында эмне болду. Атамбаев хан болду, Убактылуу өкмөт аман калды. Анан 2016-жылы 31-августта Атамбаев алардын баарын “согуп” таштады! Өзү жалгыз бийледи. 2017 - жылы өзү каалаган мураскорун президент кылып “шайлап” алды! Жыйынтыгы бүгүнкү “Кой-Таш” синдрому!

Роза Отунбаева ушулардын баарына биринчи кезекте окумуштуу - философ жана тажырыйбалуу саясатчы катары анализ берсе жакшы
болоор эле!

Болбосо, эжебиздин кечээги пикири жөн эле өзүнүн жеке келесоолугунун азабынан капаска камалып калган, жаралуу Атамбаевди тепкилегендерге кошулуп алган бир “пендечилик” эле болуп калды!

Атамбаев 6 жыл бир топ эле калпыс иштерди жасап алды. Натыйжада, азыр алардын көбүнө жооп берүүгө туура келет.
Аны баш прокуратура тергөөгө алды. Бул кылмыш иштери сотко чейин жетет. Ошондон чочулап, ал катуу коргонууга өтүп алды. Чындыгында, Атамбаев өзүн-өзү капаска камап алды. Күчтүү адамдары жүз үйрүп кетишти. Бул чоң трагедия!

Ошондуктан адекваттуу эмес кадамдарга барууда. Бул туура эмес. Кудайга каниет кылып, сот иштерине катышып, адилеттикке жетип албайбы? Элди кыйнабай. Бул эркектик эмес!
Бийлик да элди ойлош керек. Атамбаев менен сот - тергөө органдары иштесин. Мыйзам ошондой. Азыр эки тарап тең өчөшүп алышкандай. Менимче, алар өз тагдырларын элге тапшырганы калышты. Эл анда өзү адилет чечип коет!

Булак: Майдан. kg

Последние новости