www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Саламатсызбы Мурат мырза, учурдагы Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева кызматына татыктуубу?

--Керемет суроо, мен ушул суроону тартынбай эле ошол министр Кудайбердиеванын өзүнө берет элем! Бирок, анын мурдун "балта кеспеген", мүнөзү бар экен. Мамлекеттин бакыйган билим жана илим, министри, өзү "эки ката эч нерсе эмес!",-деп олтурса, анан андан оңдуу жоопту күтүүгө болот. Ачыгын айтканда мен, 1990-жылдан баштап, 2009-жылга чейин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келип, билим берүү системасынын далай "күнгөй-тескейин" көрдүм десем жаңылышпайм. Айрыкча, 1994-2004-жылдар биз үчүн эң оор жылдар болгон. Бирок, ошондой оор мезгилдерде дагы, билим берүү министрлеринин деңгээли, ушунчалык төмөн түшкөн эмес! Мына, Анарбек Бакаев, аккадемик А.Какеев, Ч.Жакыпова, И.Болжурова, С.Токтомушов, Каныбек Осмоналиев сыяктуу эмне деген дөө шаалар. Министрлик сүрү да, баркы да, билими да бар инсандар эле.

--Сиздин оюңузча кадр системасы кайсы жылдары айныды?

--Акыры кыргызстандагы эң негизги, жогорку кызмат орун майдаланып отуруп, айрыкча 2010-жылдагы тополоңдон кийин, оңду-солду ойлонулбаган министрлер келип-кетип атышып, кыргыз билим берүү системасын, плинтустан дагы төмөн жагдайга жеткиришти десем жаңылбасмын. Тарыхка кайрылсак, илгери, министрилик жалпы элди билим жагынан агартсын деп, "ЭЛ АГАРТУУ министрлиги",- деген аталышта түзүлүп, кийин буюрса жалпы элдин сабатсыздыгы жоюлду, эми билим берели деген тилек менен "БИЛИМ БЕРҮҮ министрлиги, андан кийин эми билимден-илимди көздөй багыт алалы деп, азыркыча "БИЛИМ жана ИЛИМ министрлиги",-деп атап алганбыз да. Аттиң, азыр менин эркиме койсо, мен, азыркы атына, заты дал келбей, далай шылдыңдарга кабылып келе жаткан азыркы Атамбаевдин кадры Гүлмира Кудайбердиеваны "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ жана ИЛИМ МИНИСТРЛИГИН" уялбай эле, кайра "Кыргыз республикасынын ЭЛ АГАРТУУ министрлиги!",- деп атап алып, ишти кайра "нольдон", айылдык мектептин биринчи калассынан баштамакмын! Жогорудагыдай абалдан кийин бул кызматка келген өң жагынан суйкая келишкен, жаш "октябренок" министрлерден чыны жакшы майнап чыккан жок. Ага далил десеңиздер, толтура да! Жаш да десеңиздер анда өз учурунда Чынара Жакыпова деле жаш болгону менен, иштин көзүн билген чечкиндүү, реформатор министр болгондугу жалганбы? Кыскасы азыр кыргыз билим берүүнүн баш баканы жагындагы далай көйгөлөр көкөйгө тийип, кемчиликтер оркоюп көрүнүп турса да, бирок жыйынтык, аракет "ноль" болуп жаткандыгы жаныңды кашайтат! Ооба баарыбыз тилек кылып, жаңыланууну эңсегенибиз менен, ошол жаңы багыттын жытын искей албай, азыркыдай чоркок, бирок өзүлөрүнө сындын "найзасын бойлогус" кылып алган "баатыр" министрлерибиз менен дагы канчага чейин "быкшып" отура берээрибизди билбейм! Батырак эле биз караган, өйдө жактан өзгөрүүнүн шамалы жүрүп, бир оңолуу жолуна тезирээк түшсөк эле деген тилек да!-деди Мурат Жетимишбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости