www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Азыр «тажрыйбалуулар» күжүрмөн постторду ээлеп турушат, балким ошол шылуундардын баарынан кутулуп алып, анан менчиктештирүүнү баштаган оңдур», - деди бүгүн, 14-майда NazarNews маалымат агенттинине профессор Каныбек Осмоналиев.

- Кыргызстанда мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүгө даярдыктар башталды. Мунун алдында президент Садыр Жапаров мамлекетке караштуу мүлктүн көпчүлүгүн сатууну сунуштады. Кыргыз коомчулугу муну туура кабыл алабызбы же Акаевдин доорундагыдай болуп, кол жеткени алып, жетпегени куру жалак калабы?

- Мамлекеттик мүлктү мыйзамдуу кылып менчиктештирүү абдан татаал иш. Акаевдин учурунда жапайычылык жол менен эле талап-тоноо болуп кеткен. Анын азабын эл куп эле тартты. Алды тентип чет өлкөгө жумуш издеп кетишсе, калгандары өз мекенинде ач-жылаңач байкуштарына айланышты. Ал кездеги менчиктештирүүнүн доорун бир ууч шылуундар гана көрүп келишет. Эми абдан этият болуу керек.

Мисалы, стратегиялык мааниси бар энергетика, тоо-кен, ири коммуникациялык жана байланыш түйүндөрү мекемелерин менчиктештирүү абдан опурталдуу. Аларды бир дагы чет элдик «карышкырларга» бербеш керек. Монополист болуп алышып, элдин канын сорушат. Сервис кызматтарын берсе болоор. 

Менимче, алкогол продукциялары менен фармацевтика товарларына мамлекет өзү эле монополист болуп алса кантээр эле? Калың элдин каалоосу дагы ушундай шекилдүү. Менчиктештирүү процессин таза өткөрө ала турган бийлик органдары барбы, бизде? Кеп ушунда!

Менчиктештирүү программасын беките турган парламентибиз барбы? Бул дагы баш ооруткан суроо. Иши кылса, менчиктештирүүнү жети өлчөп, анан бир эле жолу кескен оң!

- Менчиктештирүү саясатынын кесепетин тартып калбайбызбы?

- Президент ак ниети менен ушул суроону көтөрүп жатат. Бирок, мен аткаруучулардын «аппетитинен» коркуп турам. Анткени, ал тармакта мурдагы эле «тажрыйбалуулар» күжүрмөн постторду ээлеп турушат. Аларды эми эч ким оңдой албайт. Балким ошол шылуундардын баарынан кутулуп алып анан менчиктештирүүнү баштаган оңдур. Ал үчүн катуу кайрат, кажыбас эрк керек! Андай болбосо менчиктештирүүнүн кесепети терс болуп, элдик толкундоолорду пайда кылуусу турган эле иш.

- Баары менчиктештирилген Америкадагыдай жашоого элдин аң сезими даярбы?

- Канчалык орой тийбесин, биздин элдин аң-сезими мыйзамдуу менчиктештирүүгө жарай элек. Бизде тууганчылык, жердешчилик дагы эле күчөп турган кез. Анын үстүнө, коррупция дагы деле гүлдөп жатканын да эске алып коёлу.

Президенттин жана анын таза турган кээ бир жооптуу адамдарын оңой эле көз будамайлап жиберген «таланттар» толтура. Бир гана жол - ошондой шылуундарды аёосуз жазага тарта алабызбы? Кеп ушунда.

Ошондуктан, менчиктештирүүгө макул болгон күндө дагы анын  кесепеттеринен этият болсок.  Баардык иш ачык жана адилет болсо экен деген гана тилек!

Ошол эле мезгилде өтө жаман кризистик абалда болуп, элге бир тыйын киреше бербеген, анан калса мамлекеттин бюджети менен бейпайда кармалып турган ишканалар дагы толтура. Ошолорду ачык конкурстук принципте жеке менчикке сатып жибергенге эмнеге болбосун?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости