www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Каныбек Осмоналиев митинг учурунда УКМК кызматкерлери аны кантип кармап кеткендиги тууралуу VESTI.KGге айтып берди. 
Эске салсак, мурдагы парламентарий камактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоо боюнча үстүбүздөгү жылдын 2-мартында Ала-Тоо аянтында өткөн митингде “бийликти басып алууга аракет кылды” деген шек менен кармалган. 

--УКМКнын абагында күндү кандай өткөрүп жатасыз?

--Азыр иш тергөөдө. Бул жерде атайын инструкцияга ылайык тартип орнотулган. Башка камактагылардай эле мага дагы күнүнө бир жолу УКМКнын тергөө абагынын айланасында бир сааттык сейилдөөгө уруксат берилген. Ушул тапта окумуштуу катары физика боюнча Нобель сыйлыгына өзүмдүн илимий эмгегимдин экинчи томун жазып жатам. Биринчи тому өткөн жылдын октябрь айында чыккан. Көркөм адабияттарды көп окуйм. Сурап-билүү материалдары жоктугуна байланыштуу өзүмдүн негизги “хоббим” – физика илими менен алекмин.

Албетте, абак курорт эмес. Жашоонун шарттарына көнүп жашоого туура келет. 

--Үй-бүлөңүз менен көрүшүп турасызбы? Жолугушууларга уруксат береби?

--Ооба, бирок өкүчтүүсү жолугушуу аз болууда. Бул тергөөчүнүн укугу менен байланыштуу. 2020-жылы 2-мартта кармалган күндөн бери жубайым жана кызым менен жолугушууга эки жолу гана уруксат берилди: 16-мартта жана 15-майда. Менин билишимче, жолугушууга бир айда эки жолу уруксат берилиши керек болчу. 

--Кармалган күнүңүздү эстесеңиз, кандай болду эле? Бул сиз үчүн күтүүсүз болдубу? 

--Бул күн 2020-жылдын 2-марты, дүйшөнбү болчу. УКМКнын эки кызматкери үйүмдөн кечки саат 19:15тер чамасында алып кетишкен. Ошол учурда "Ала-Тоо" аянтында камактагы саясий ишмер Садыр Жапаровду колдоо боюнча узакка созулган тынчтык митингинде модератор катары чарчагандыктан жүрөк оорусуна карата дары кабыл алдым. Атайын кызматтын бул эки кызматкери менден милиция кызматкерлерине баш ийбей, талаптарына көнбөй жаткан жаштарды үйлөрүнө таратууга, аларды тынчтандырууга көндүрүшүмдү суранышты. Мен эч нерседен шек санабай эле алар менен барууга макул болдум. Мени менен 19 жаштагы кызым чогуу жөнөдү. Бирок бизди тез арада эле УКМКнын имаратына алып келип, мени тергөөчүнүн кабинетине киргизишти.

Түн ичинде күбө катары суракка ала башташты. Алар адвокат чакыруу укугумду пайдалануумду сунушташкан жок. Сурак бүткөндөн кийин гана мага жактоочу алып келип берип, шектүү адам катары кармала турганымды эскертишти. Түнкү 1:20да УКМКнын тергөө абагынын камерасына камакка алышты. Мындай мыйзамсыз камоо мен үчүн таптакыр күтүүсүз болду. Азыркы күнгө чейин түшүнбөйм.

--Сиз президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жазып, бийликти басып алууну пландаган эместигиңизди айттыңыз. Митингчилерди Ак үй тарапка баруусун болжолдодуңуз беле?

--Ооба, мен президент Сооронбай Жээнбековго ачык кат менен кайрылгам. Мага карата тергөө органдарынын соттук аракеттери бир беткей жана жаман мамиле кылуу менен коштолуп жатат, деп эсептейм. Мындай аракеттер тууралуу кененирээк жактоочум айтып бере алат. Азыр президенттин реакциясын күтүп жатам. Ошондой эле Акыйкатчыга арыз менен кайрылып, менин ишимди көзөмөлгө алуусун жана медициналык көрсөткүчтөр боюнча баш коргоо чарамды өзгөртүүгө кийлигишүүсүн сурандым. Бул үчүн бардык керектүү медициналык документтер бар жана буга чейин тергөөчүгө жөнөтүлгөн.

Бийликти басып алуу тууралуу эч кандай сөз да болгон эмес. Бул кээ бир “ишмерлердин” сандырак кеби. Мага карата азыр өздөрүнүн маалыматтык ресурстары аркылуу чабуул кылышууда. 

--Сиз эмне үчүн башка митингчилерге караганда эрте кетип калдыңыз эле? Мамлекет башчысына жолдогон кайрылууңузда башаламандык болгон учурда сиз жок экениңизди жазыптырсыз.

--Менин ишим ал жерде модератор болуу гана болчу. Өз каалоом менен эч кандай шарттары жок эле келгем. Чогулуш чындыгында эркин форматта болгон, элдер келип, кайра кетип калышты. Мейкиндик ачык эле болчу. Биздин чогулуш тынч өткөн. Бардык аракеттерибиз мурда сүйлөшүлгөн жана ИИМдин 10-башкармалыгынын жетекчиси, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы менен макулдашылган. Ошондой эле Бишкек шаардык мэриясына да митинг өткөрүү тууралуу маалымат берилген. Бизден дагы эмне талап кылынышы керек эле? Конституциянын жана өлкөнүн башка мыйзамдарын туура сактоо менен аракетибизди кылганбыз. Биздин талап камактагы Садыр Жапаровдун укуктарынын сакталышын камсыздоо болчу. Тынчтык митингинде көп саат модераторлук жумушту алып баргандан кийин башка активист менен алмашып, алып баруу ишин тапшырдым, андан кийин эч нерседен кабарым жок, үйгө барып дары ичүү үчүн аянттан чыгып кеттим.

Бул жерде жазага тарткыдай кылмыштын кичинекей да белгисин таба албай туруп, кантип камакка алышты, мага түшүнүксүз. Мени оюмча, айрым күчтөр мени катуу жазалоо менен башкаларга үлгү көрсөткүлөрү келип жатат окшойт. Бирок бул калыстык эмес. Митингден кийинки башаламандык – бул  атайын даярдалган чагымчылардын колунан келди. Бирок биздин күч структуралары мен үчүн түшүнүксүз болгон себептерге эч канадй маани беришкен жок. А бул дагы кылмыш да. Алар мыйзамда көрсөтүлгөн катуу превентивдүү чараларды кабыл алууга милдеттүү болчу. Чагымчылар абалдан пайдаланып кетишти.

--Сиз кандай ойлойсуз, сиздин кылмыш ишиңиз кандай аякташы мүмкүн? Жакын арада эркиндикке чыгасызбы?

--Өкүнүчтүүсү, бул суроо мага эмес. Бул суроо менен УКМКнын тергөөчүлөрүнө кайрылып көрүнүз. Мен болгону эч кандай күнөөлүү эмес экенимди гана айта алам. Мага карата атайын козголгон кылмыш иши эч кандай соттук перспективага ээ эмес. Мен өзүмдүн күнөөлүү эместигимди сотто далилдейм. Адилеттүүлүк орнойт деп ишенем. Мен ар дайым мыйзамдуулукту сактоо менен жашап жана эмгектенип келгем. Муну деструктивдик күчтөр атайын жасап жатышат жана Конституцияга каршы бузукулук кылуу деп түшүнүү керек жана ошондой эле аны токтотуу зарыл. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости