www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кыргызстан жаңылануу жолуна түштү», - деди бүгүн, 6-майда, NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.
- Каныбек агай, азыркы жашап жаткан Конституция тууралуу коомчулукта оң да, терс да пикирлер арбын. Бул Конституция менен Кыргызстан өнүгө алабы?
- Жаңы Конституциянын негизги конструкциясын карапайым кыргыз эли 2020-жылдын 5-октябрындагы орун алган толкундоолор кезинде эле түзүп койгон.
Жогорку Кеңештин VI чакырылышын шайлоо өнөктүгүн мурда болуп көрбөгөндөй ыплас уюштурган жексур атыккан бийликти жаалданган эл Акүйдөн кууп чыккан. Али эсибизде болуш керек, ошондогу элдин талабы кандай болду эле?
Алар негизинен муну айтышкан: «Качанга чейин бийлик «эт менен челдин» ортосунда жыргап-куунап жүрө берет? Бийликтин калпыстыгына кимиңер жооп бересиңер?» - деп. Чынында эле Президент, Өкмөт жана парламент жоопкерчиликтен качышып, бири-бирине шылтоо кылышып, 30 жылдан бери элди алдап келишкен да!
Ошондуктан жаңы саясий бийликтин алдына конкреттүү талап коюлган. Күчтүү президенттик бийлик орносун, Президентке кеңири укук берилип, анын аткаруучулук милдети жана жоопкерчилиги дагы күчөсүн делинген.
Натыйжада, эгемендүүлүк тарыхта биринчи жолу башкаруу бийлигинин формасын референдум аркылуу тандап алуу мүмкүнчүлүгү берилген. 2021-жылдын 10-январында болуп өткөн референдумда эл президенттик бийликти тандады. Анан ошого шайкеш келген жаңы Конституция жазылды!
Конституциялык Кенешме 3 айга жакын иштеп, долбоорду сунуш кылды. Эл аны ошол эле жылдын 11-апрелинде колдоп берди. Жаңы Конституцияга президент Садыр Жапаров былтыр 5-майда кол койду. Баары мыйзам чегинде болду.
Жаңы Конституция негизинен, өлкөнүн көз карандысыздыгын, салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды, жарандардын укуктары менен эркиндигин бекемдеди. Баш мыйзамда саясий системанын туруктуулугу, ата-бабалардын каада-салттарынын сакталышы, социалдык кепилдиктер менен камсыз болуу жолдору көрсөтүлдү.
Башкаруу формасы өзгөрдү. Президент эми өлкө башчысы катары аткаруу бийлигине дагы жооптуу болду. Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны 120 дан 90 го кыскарды. Пропорционалдык жана мажоритардык шайлоо системасы аралаш колдонулду.
Жаңы парламент келди. Сот системасы Конституциялык, Жогорку жана жергиликтүү соттордон куралды. Элдик Курултай институту кирди. Ал мыйзам демилгелөө укугуна ээ болду. Конституциялык түзүлүштүн социалдык-экономикалык негиздери так жазылды.
Коомдун руханий-маданий негиздери так берилди. Адамдын жана жарандын укуктары, эркиндиктери жана милдеттери күчөтүлүп көрсөтүлдү. Жеке укуктар менен эркиндиктерге басым коюлду.
Аталган Конституциялык нормалар так атакарылышы үчүн мыйзамдарды бир сыйра кайра карап, жаңылоо милдеттери турат. Жаңы парламент бул маанилүү документтерди сапаттуу кылып мыйзамдап бере алабы, аны келечек көрсөтөт! Кыргызстан жаңылануу жолуна түштү!
Булак: NazarNews.kg