www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Билим берүү системасын саясаттан оолактатышыбыз керек», - деди бүгүн, 31-майда, NazarNews маалымат агенттигине Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев.

«Жакында эле Сузак районунун катардагы бир орто мектебинде окуучу менен мугалимдин ортосунда орун алган жагымсыз окуя биздин билим берүү системабыздын биротоло кыйрап калгандыгынын белгиси болуп саналат.

Окуучу менен мугалим ар кандай эле коомдук истемада эң негизги субъекттер - оюнчулар болуп эсептелишет. Коомбуздун баардык күч-аракеттери ошол экөөнүн жетиштүү шартына камкордук көрүп, сапаттуу билим берилишин жана алынышын камсыз кылуусу ыйык милдет.

Мектептин завучу, директору, райононун башчысы, министр жана анын күтүрөгөн орун басарлары, сансыз чиновниктери ошол «мугалим-окуучу» аттуу негизги функциянын туундулары болуп эсептелишет. Ал экөөнү такыр эле коомдон оолактатып салалычы? Анда миң сандаган «көсөм-начальниктер» кимди башкарышып, кимдин эсебинен жандарын багышат?

Мен ар дайым какшап айтып келем: «Биз мектеп көйгөйүнүн себептерине көңүл бурбай эле анын натыйжалары менен күрөшүп келебиз!» - деп. Көңүл бурган эч ким жок! Анан эле «кокуй мугалим окуучуну сабап салыптыр, сабак учурунда мугалим мас экен, окуучулардын үстүнө бөлмөнүн шыбы көчүп түшүптүр» деген эле айгай кептер айтыла берет.

Көмөк кылган эч ким жок, жалаң эле көсөмдөрдүн кыйкырыктары. Депутат парламентте, министр өкмөттө жана ЖМКда, ал эми ата-эне баш болгон калган билермандар социалдык түйүндөрдө, саны миңдеген аш-тойлордо, базарларда, мончолордо, жана башка мектепке тиешеси жок жерлерде «баалуу кеңештерди» айтышып калышат. Анан ал ажиотаж тез эле унутулат дагы баары көр оокаттын артынан түшүшөт.

Натыйжада, мугалим менен окуучу дагы бир жолу бетме-бет, бирме-бир калат. Моюндарында баягы эле милдет, көйгөй маселелери. Анан ал азап дагы бир жерде кайталанат. Ушундай абалда 30 жылдан бери жашап келебиз. Акыры орто билим берүүнү талкалап бүттүк.

Эмне кылуу керек? Ким универсалдуу рецепт жазып бере алат?

Менимче, эң чоң күнөөбүз окуу ситемасын саясаттын оюнчугу кылып алганыбызда. Саясий амбициялары ашып-ташкан, бийликке жана байлыкка жутунган шүдүңгүттөр тээ 90-жылдары эле мектепти өздөрүнүн кол жолугуна айлантып алышкан.

Ошол максатта мектептин директорлорун, окуу бөлүмүнүн башчыларын жана демейде, билими тайкы, бирок, акчага азгырыгы күч кээ бир «активист» мугалимдерди өз карамагына басып, жасоол кылып коюшкан. Алар керектүү учурда тиги «чоңдун» каалаган буйругун аткарышат.

Бул көрүнүш бүт өлкө үчүн мүнөздүү. Андыктан мектепте сапаттуу билим берүү салты унутулган. Балдардын ата-энеси керектүү «взносту» убагында берүү менен гана алек. Тарбия менен иши жок! Бул биздин ички көгөйлөрүбүз.

Сырттан болсо алгачкы башкаруучуларыбыздын арсыз саясаттарынын азабынан орто билим берүү системасын Батыштын либералдуу-азгырык саясатына кармата бергенбиз.

Натыйжада, мектеп программасынан тартып, билим берүү саясатына чейинки маанилүү милдеттерибизди чет элдик, кыйраткыч мүнөздөгү түрдүү бейөкмөт уюмдарга кармата бердик.

Алардын псевдодолбоорлорунун бир нечеси эле - ЖРТ, жан башына каржылоо (венчурдук программа), ЖОЖдорго таңууланган Болонья системасынын терс таасири, Бүткүл Дүйнөлүк Банктын карама-каршылыктарга жык толгон «Айылдык мектеп» сыяктуу, жана башка долбоорлору, мектептин окуу китептерин тираждоодогу мафиялык кылмыштар, 12 жылдык окутуу жана башка толгон-токой эксперименттер.

Мен мындай диверсиялардын аз гана бөлүгүн тизмеледим. Анан мурдагы бийликтегилер ушундай кыйраткыч идеяларды «лам» дебей аткарган министрлерди колдоп келишти. Бирин-экин моюн толгогондорун тез эле кызматтан айдап салып, атын жаман аттуу кылышып, куугунтуктап жүрүштү.

Азыр биздин алдыбызда дилемма турат. Биринчиси ушундай эле кете берилет. Анда окуу системасы биротоло кайрылгыс болуп кыйрайт.

Экинчиси - бул өтө чечкиндүү кадам. Абдан чукул реформа жасап, мурдагы жана учурдагы кылмышкер функционерлерди ырайымсыз жазалап, билим берүү ситемасын саясаттан оолактатып, өзүбүздүн күчүбүз менен гана каада-салтыбызды, үрп-адатыбызды, нарктуулугубузду камтыган жана албетте, дүйнөлүк алдыңкы педагогиканын элементтерин дагы колдонгон билим берүү системабызды тургузушубуз абзел.

Азыр президент Садыр Жапаров мугалимдердин маяналарын көтөрүү боюнча зор кадамдарды жасады. Ыңгайы келип турат. Эми терең жана мазмундуу реформага кезек келди! Антпесек, дагы деле билим берүү системасын зыянкеч дилетанттар башкарып, билимсиз динчилдер менен деструктивдик маанайдагы саясатчылар мектептерге качырып кирип, мугалимдерди жакалап, билген намаздарын окуй беришет.

Келечегибиз бүдөмүк болот! Абийир кечирбейт, жаштардын убалына калабыз!  Андай катаклизмден Жараткан сактасын!», - деди Осмоналиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости