www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Сабырбек Жумабеков жетектеген илимий борборду - улуттук жетишкендик катары баалап, анын андан ары өнүгүшүнө шарт түзүшүбүз керек”, - деди бүгүн, 10-февралда NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.

- Саламаттык сактоо министринин Сабырбек Жумабековду кызматынан алып, илим изилдөө борборун тез жардам ооруканасы кылганы туурабы? Жумабековду кызматтан алабыз деп атып, түптөлүп калган илимий борборду жоготуп албайбызбы?

- Кечээги эле Саламаттыкты сактоо министри менен  академик-ортопеддин айыгышкан тирешүүсү - бул бүгүнкү күндөгү Кыргызстандын медицинасынын кашкайып көрүнүп калган аянычтуу абалы.  Мени алардын бири-бирине болгон кыжырдануулары, жек көрүндү сөздөрү, коллективдин жан талашкан позициялары анча деле таң калтырган жок. Мен кыргыз медицинасынын азыркы абалына бушайман жеп өкүнүп отурдум. Мындай "согуш" эртеби-кечпи бул тармактын кайсы бир жеринен чыкмак.

Анткени, абал өтө эле чатак болуп калган. Кечээ "Политклиника" аттуу ММК агенттиги бир социалдык сурамжылоо уюштуруптур. Суроосу:" Бейшеналиев менен Жумабековдун кимисин колдойсуз? - деген таризде. Жыйынтыгын баамдаңыздар: Алымкадыр Бейшеналиевге - 37%, Сабырбек Жумабековго - 47%. Эң кызыгы 3-чү позиция - Экөөнү тең колдобойм дегендер  - 16%! Агенттиктин респонденттери кандай адамдар болду экен, айта албайм? Бирок, 16% ды түзгөндөрдүн пикири кызыктуу болуп турат. Анан калса, соцжелелердеги маалыматтарды карасак,  эки тараптын жактоочулары менин баамымда 50-50 % менен, ит жыгылыш болуп жатышкандай. Демек, терең ойлоно турган кырдаал жаралды! Министр расмий бийликтин өкүлү.

Ал медицина тармагындагы абалга персоналдык түрдө жооп берет. Ал министрлер кабинетинин мүчөсү. Президент тарабынан катуу коюлган реформалар талабын аткарууга милдеттүү. Ооба, ал үчүн өзү мыйзамды катуу карманышы керек. Элдин мүдөөсү - бул сапаттуу дарылануу.  Ал үчүн шартты түзүп берүү керек. Бул Конституциялык норма! Анын 43 - беренесинин 3-пунктунда "Жарандар мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелеринин тармагынан акысыз пайдаланууга укуктуу"- делген жайы бар.

Ооба, ошол эле берененин 5-пунктунда болсо, "Жарандарды медициналык жактан акы төлөө менен тейлөөгө мыйзамда аныкталган негизде жана тартипте жол берилет" - деп дагы турат. Кептин баары ушул нормаларды тармактык мыйзамдарда так жана түшүнүктүү жазып беришкенби? Бул маанилүү суроо. Ошондуктан министр биринчи кезекте ошол жагын эске алып иш алып барууга милдеттүү. Ал министрликтин кароосуна (коллегиясына)  катуу маселе коюп, академик Жумабековду чакырып, териштирүү иштерин уюштурдубу? Бизге белгисиз. Мен академик Сабырбек Жумабеков менен жакындан эле таанышмын. Ал мыкты адис.

Эл аралык деңгээлдеги окумуштуу. Дүйнөлүк ортопедиялык изилдөөчүлөр жамаатында өзүнүн татыктуу орду бар. Адам катары дагы абдан кичи пейил жана интеллигенттүү инсан.  Чынында эле №4-оорукананы убагында, СССР кыйрап калып, кароосуз калганда колго алып башкарган жайы бар! Мен академикти окумуштуу катары өзүмүн "Илим жана Турмуш" аттуу автордук телеберүүмдө кеңири чагылдырган жайым бар. Кыскасы профессор эл арасында кадыры сиңген, таанымал дарыгер. Ал түзгөн илимий борбор сөзсүз түрдө сакталып калуусу керек.

Ал турсун, мындай илимий борборду - улуттук жетишкендик катары баалап, анын андан ары өнүгүшүнө шарт түзүүгө милдеттүүбүз. Бирок, министр дагы өзүнүн катуу аргументтери менен чыгып жатпайбы? Айрыкча, шаарга бирдиктүү тез жардам борборун түзүү максатын айтып. Бул дагы өтө маанилүү маселе. Менимче мындай айыгышкан конфронтацияга барбай эле, экөө бетме-бет жолугушуп, ушул эле борборду эки функцияны тең аткара турган мекемеге айландыруу маселесин чечишсе болмок экен. Коомчулукту бекер эле удургутуп жатышат.

Азыр белгилүү болгондой Кабминдин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жетекчилиги астында комиссия түзүлүптүр. Менимче, бул комиссия араздашкан тараптардын аргументтерин угуп, адилет чечимге келет! Азыркы замандын талабы боюнча клиницистика+илим изилдөө борбору форматындагы тандем эң эффективдүү деп эсептелинет. Ушуну унутушпаса. Албетте, ушул эле борбордо ургенттик режимде иштеген тез жардам ооруканасы болсо, мындан жөнөкөй эл гана утмак. Болбосо, тез жардам машиналары оорулууну салып алып оорукана издеп жүргөн учурларды көрүп эле жатпайбызбы? Мындай вакханалияны токтотуу керек!

- Бул маселеде эки тараптуу пикир айтылууда. Бири министрди сындап, Сабырбек Жумабековду кызматтан алууга ашыкканын айтса,  экинчи тарабы мамлекеттик ооруканадан очойто акча жасап, менчик клиникадай пайдаланды  деген доомат коюуда. Кайсыл жагынын пикирине ынындыңыз?

- Абройлуу эле эки мамлекеттик ишмерлер копол түрдө бири-бирине кайым айтышып жатышса, кээ бир кер ооздорго Кудай берип эле салбадыбы?! Ар кандай ушак-айыңдарга жем болушуп экөө тең уят болуп жатышат. Анын үстүнө жеке кызыкчылыктар дагы орун алганын айткандар чыга баштады. Макул, академик Сабыр Жумабеков жумуштан кетсин. Анын ордуна татыктуу делинген адис келсин.

Эми ошол жаңы жетекчи келээр замат аталган борбордун  ишин заман талабына карай түп тамырынан бери өзгөртүп кете алабы, же бир аз убакыт өткөндөн кийин мурдагы эле жолго түшөбү? Эгер андай болсо, алмаштыруудан эмне өзгөргөн болот?  "Өзгө кетип, өз калды эле болбойбу"? Же болбосо, мурункусунун ордуна өзүнүн кишисин коюп алды деген эле ой пайда болот. Анда протест кайрадан жанданат.

Чынында эле мамлекеттик делинген саламаттыкты сактоо ишканасы элдин гана кызыкчылыгына иштөөсү абзел. Мындан эбегейсиз пайда көрүп, аны өз менчигиндей ээлеп алууга эч кимдин акысы жок. А бирок, таланттуу окумуштууга шарт түзүү дагы кудум эле ошол министрликтин милдети экенин унутпоо керек.

- Эмнеге Кыргызстанда оорукананы түптөп, кадырын өстүрүп койгон академиктерди күч менен кызматтан алуу же тескерисинче жеп, ичти деп коомчулуктун алдында каралоо күч алды? 80ден ашкан Мамбет Мамкеевди дагы Ыдырыс Исаков  деген журналист ооруканага тийиштүү жерге үй салып алганын айтып чыкты эле. Медицинага эбегейсиз салымын кошкондорду кодулоо жаман симптом эмеспи?

- Кыргызстандагы ооруканаларды салып, анын материалдык-техникалык базасын түптөп жана медициналык персоналдарды даярдап койгон - бул Совет бийлиги болгон. Жеке адамдын ал жерге эч кандай тиешеси жок. Оорукана  элдики. Өзү СССРдин бир чоң жетишкендиги - бул саламаттыкты сактоонун уникалдуу моделин сунуш кылгандыгында. Аны  - Семашконун системасы деп атап келишет. Николай Александрович Семашко эң күчтүү клиницист жана уюштургуч инсан болгон.

Анын системасына ылайык, баардык медициналык тейлөөлөр мамлекеттик мекемелердин иерархиялык структуралары аркылуу ишке ашырылат. Тейлөө мамлекет тарабынан каржыланат жана ал жалпыга бирдей, тең укуктуу жана бекер болот. Биринчи кезекте социалдык гигиена менен оорулардын профилактикасына көңүл бурулат. Мындай прогрессивдүү медицина системасы СССР менен кошо эле кыйрап калбадыбы? Анан өлкөнү тоноо башталды.

Биздин мурдагы акылы тайкы төбөлдөрдүн азабынан адегенде эле  диверсиялуу "Песак" программасы менен өндүрүш талкаланды, анан айыл-чарба тонолду. Бир ууч шылуун-шүдүңгүттөр алардын баарын ээлеп алышып, миллионер болуп чыга келишти. Жумуш таппай карайлаган карапайым эл чет өлкөлөргө тентип кетти. Айрыкча кырчындай болгон жаштар. Алар адам чыдагыс оор шарттарды кулдай иштеп жүрүшүп, жаштайынан эле ден-соолуктарынан ажырашты.

Билим берүү, илим  жана  саламаттыкты сактоо мекемелеринин тагдыры болсо "өзгөчө митайымдык ыкмалар" менен чечилди. Алар "өзгөчө эмгек сиңирген" инсандардын көмүскө менчигине айлана баштады. Болгону ушул. Бири-бирине атаандашып социалдык мекемелердин "түшпөс хандары", баа жеткис жетекчилери пайда болду. Анан билген намаздарын окуп киришти. Карайлаган калайык уул-кыздарын акча менен окутуп, ден-соолугуна акы төлөп күн көрө баштады.

Мына сага демократия, либералдык экономика  жана саясат! Ошондуктан, акыркы жылдары элде кыжырдануу арбып бара жатат! Анан эл бири-бирине: "Чын эле балдарыбыз бекер окуй албаса, бекер жана сапаттуу медициналык тейлөө жок болсо, өмүр бою өзүбүз  топтоп жүргөн акчабызга мизердик пенсия алсак, анда бизге мындай өлкө системасынын кандай кереги бар?" - деген суроону байма-бай берип келишет да?

Муну президент Садыр Жапаров дагы туура түшүнүп социалдык тармактарда кескин реформаны жүргүзүү талабын катуу коюп баштады. Болгон себеби эле ушул. Анан, кызыкчылыктардын каршы аракеттери башталды. Эми кандай болгон күндө дагы бул процесс токтобойт. Социалдык теңдик жана адилеттүүлүк болгондо гана эл тынч жашоо жолуна түшөт.

- Уникалдуу операцияларды жасаган академикти таарынтып алып, Кыргызстан мыкты ортопединен айрылып калбайбы?

-Уникалдуу касиети жана таланты бар адистерди эл өзү эле кастарлап колуна көтөрүп алат. Илгертен эле ошондой болуп келген. Ал үчүн андай инсандар өз элин сүйүп, ага чын-жүрөктөн берилип эмгек кылуусу абзел. Андай адамдарыбыз, Кудайга шүгүр эл ичинде кеңири бар. Мен алардын аттарын атабай эле коёюн, андайлар жупуну болушуп эле арабызда жүрүшөт. Урмат-сыйга андай адамдар ар дайым татыктуу.

Башка маселе аларды өз убагында байкап, мамлекет өзү баалап алып жатабы? Кеп ушунда. Тилекке каршы,  алардын көбү четте калып эле, шылуундар суурулуп чыгып алышат турбайбы? Бирок, аларды мезгил өз ордуна коюп коёт. Сабырбек Жумабеков -  уникалдуу феномен! Ар кандай эле адамдын кемчиликтери болот. Аны акылдуу инсан өзү түшүнүп, туура жыйынтык чыгарып алат. 

Аны таарынтпай, тескерисинче, шарт түзүп берип, өзүнүн баалуу касиеттерин жаштарга бере тургандай кылып, клиникасын кошо байытып мамлекет өз карамагына алуусу шарт. Ал эми министрлик болсо, адилеттүү саясатын тыкан жана компромиссиз уюштуруп, медицина жаатындагы реформасын аягына чыгарууга милдеттүү. Эл баарын көрүп, баалап алат!

- Эми мамлекеттин эсебинен байыган окуу жайларга да кезек жетиши керекпи?

- Медицина жаатындагы терс көрүнүштөр толугу менен эле билим берүү системаларында дагы орун алып келет. Албетте, өз спецификасы менен. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында билим системасы катуу кризиске учурады. Айрыкча орто мектептер. Өндүрүш талкалангандан кийин  башталгыч жана орто кесиптик билим берүү системасы тез арада эле таланып-тонолуп кетти.

Ырайымсыз талкаланды. Элдин эсебинен курулган мектептерди, техникумдарды, училищаларды жана жогорку окуу жайларын түз эле менчиктеп алууга көбүнүн дити барбады. Бирок, анан айлакерлүү амалдарын табышты. Бардык эле окуу жайларынын "түшпөс хан-жетекчилери" пайда болду. Окуу жайлар коммерциялык борборлорго айланып кетти.

Азыр бул система катуу кризисте турат. Жасалма аттестат жана дипломдор жайнап калды. Кечээги ЖКгы "дипломгейт" окуясы буга күбө. Саламаттыкты сактоо системасындагы кармаштар эми окуу системасына өткөнү турат. Башка жол жок. Антпесек келечегибиз бүдөмүк!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости