www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-мартта "Дача СУ" айылынын жалпы тургундары "Акыйкатты издеп" аттуу кырсык болгон жерден жыйын өткөрүштү. Жыйынга жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышып, катардагы убадасын берип кетти”, деп билдирди бүгүн, 14-мартта NazarNews.kg маалымат агенттигине жергиликтүү тургун Капар Райымбеков.

“Бүгүн жыйын болуп өттү, баягы эле көйгөйлөр айтылды. Бийликтин жергиликтүү өкүлдөрү келди. Биз өкмөттүн өкүлдөрүнө 10 күндүн ичинде көйгөйүбүздү чечип бергиле деп талап койдук. Эгерде чечип бербесе башка кадамдарга барабыз. Ак үйдүн алдына аттанганга туура келет. Жыйынга келген аткаминерлер жакын арада кырсыктан жабыр тарткандарга топтолгон 95 млн сом акчаны бөлүп беребиз деди. Бирок биздин Өкмөттүн кыйратып жардам берээрине үмүтүбүз жок”, - деген пикирин билдирди жергиликтүү тургун Капар Райымбеков.

Дача СУУ айылы, адамдардын жашоосу үчүн кооптуу аймакка айланды. Адамдар бул жерде жашоодон коркуп жатышат. Себеби, бул авикырсык, кырсыктардын үчүнчүсү. Буга чейин эки жолу самолет биздин айылга жетпей эки жолу кулаган. Ошондуктан Дача СУУнун тургундарына кооптуу жайдан коопсуз жайга адамдарды көчүрүүнү мамлекеттен суранабыз. Биздин талаптар аткарылбаса, жергиликтүү тургундар өз укуктарынан пайдаланып, ар кандай акцияларды өткөрүү кадамына барат, - деп кошумчалады жергиликтүү тургун.

Эске сала кетсек, бүгүнкү күндө Дача СУУ айылы, мурунку Су айылы жана ага катар жайгашкан 10 дача кошулгандан баштап аталган. Дачанын ар биринде 170тен 450 гө чейин жер үлүштөрү эл жашаган үйлөр курулган. Кыймылсыз турак-жайлардын кызыл китеби бар. Жалпы линияда 2 000 миңден ашуун түтүн жашайт. Калктын орточо саны 7 000 кишиден ашык. Мектеп курагында 1 500 бала болсо, алардын ичинен 850 окуучу 7 км алыстыктагы мектептерден билим алып келишет.

Бул жердин айыл статусу жок болгондуктан мектеп, бала бакча, ФАП курулган эмес. Калктын өтүнүчү менен айыл статусун алууга бир нече каттар жолдонуп, сүйлөшүүлөр болгону менен эч кандай маселе чечилген эмес. Анткени бул аймак жашоочулар үчүн кооптуу болуп саналган. Анткени айылдын сол тарабында аэропорт, оң жагында 1 000 метр алыстыкта уран көмүлгөн.

Эске сала кетсек, 2017-жылы 16-январында авиакырсык катталып, 30дан ашуун жарандар каза тапкан.

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg

Последние новости