www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Парламентте чечүүчү ролго президенттин КСДП фракциясы ээ. Шайлоо учурунда КСДП “Президентти колдойлу, өлкөнү ойлойлу!” деп ураан чакырып жүргөн. Президент тарап кетпейсиңерби деп кадам таштап жаткан соң, КСДП биринчилерден болуп “Биз президенттин саясатын колдойбуз” деп мандатын жерге бир чаап четинен чыгып кетиши керек эле. Ошондо президенттин саясатын чын эле колдогонун көрсөтмөк. Биз КСДП фракциясынын депутаттары президенттин айткан сөзүн канчалык деңгээлде колдой турганына кызыктык.
Айнуру Алтыбаева, ЖКнын депутаты: “Парламенттин таркашына президент деле каршы, болгону ачуусу келип айтты”
— Президенттин сөзүн уктуңуздар, азыр президенттин парламенттеги өкүлү Абдылдаев “тарап кеткиле, же жакшы иштегиле”- деп айтты. Мен президенттин ушул сөзүн түз алдым. Президенттин парламентке көз карашы түз. 5-чакырылышта дагы “биз парламенттик демократияны өнүктүрөбүз десек, аягына чейин иштеш керек”- деп айткан. Алтынчы чакырылышта парламенттин туруктуу институту болушу керек. Ошону үчүн баарына айтып жатам иштегиле деди окшойт. Президентибиздин сөзүн жакшы иштегиле, мыйзамды жазгыла, элдин орчундуу маселелерин карагыла деп кабыл алдым. Демек, президенттин сөзүн колдойм. 20 жылда бир гана чакырылыш аягына чейин иштеген. Ал президенттик башкаруу болчу. Азыр биз парламенттик башкаруу системасына өттүк. Туруктуу аянтча болушу керек. Андыктан парламенттин таркашына президент деле каршы, болгону ачуусу келип айтты. Болбосо азыр болбогон бир популисттик маселе менен чыгып алган коллегалар жок эмес, бул туура эмес.
Булак: "Жаңы ОРДО"