www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде «Капитал банктын» айланасында болуп жаткан кептерге жооп берди.
«Ширшов бир дагы мамлекеттик ишканага жакын жологон жок.
Жолотпойбуз дагы.
"Капитал банк" - 100 пайыз мамлекеттик банк. Каржы министрлиги 100 пайыз ээлик кылат жана аны толук көзөмөлдөп турат. Мурда Америка тарап "Керемет банкка", "силер санкцияга кирген товарлардын акчаларын которуп, Россияга жардам берип жатасыңар" деп санкцияга киргизгенден кийин, "анда рубль менен бир эле банк иштесин, баары көзөмөлдө болсун, керек болсо күндө силерге отчёт берип турсун" деп "Капитал банкты" аныктаганбыз. Ошондуктан бүгүнкү күндө рубль менен бир гана "Капитал банк" иштеп жатат» деди ал.
Анын айтымында, буга чейин рубль менен иштеп, көп каражат таап жүргөн банктар рублдан пайда таппай калып ушундай жалган ушактарды таратып жатышат.
«Эч кандай "Ширшов-Миршов" дегендер жок. "Капитал банк" мамлекеттин, тагыраагы, Каржы министрлигинин көзөмөлүндө иштейт. Тапкан пайдасы 100 пайыз мамлекетке түшөт.
Ошондуктан ар кандай имиштерге ишене бериштин кажети жок», - деп ишендирди мамлекет башчы.
Садыр Жапаров ушундай кадамдардан кийин да Америка тарап банктарга санкция сала бере турган болсо анда бул аракеттер бут тосуу катары кабыл алынарын кошумчалады.