www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызда кызык, ким мамлекет башчысы болсо эле, ошонун айлана-чөйрөсүндөгүлөрдүн калыңы атырылган боюнча эле көбөйүп кетет. Бир учурда Кыргызстанды Аскар Акаев башкарган, анын жубайы элге даңазалуу “канайым” Майрам Дүйшөновна туулган таластыктардын калыңы кунга бергис көтөрүлүп, ал эмес Өмүрбек Бабанов сыяктуу жигиттери да бизнесмендерди бүгүлтө жыгып чалчаңдап калган.

Атамбаевдин эки жубайы бар. Биринчиси, ал Атамбаевди  чандыбы же Атамбаев аны чандыбы ким билет,  Теңизбаева Бүажар менен жашабай, Татарстандан издеп жүрүп Казандын сулуусу Раиса Минахмедовнага баш кошкон. Атамбаев президенттик такка отурар менен татардын кыздарынын калыңы кымбаттап, ал эмес татар кыздары Казанга барып алышып: “Душа моя-Татарстан” –деп бажарып калышкан.

Мурун Кара-Кулжанын кыздарын башы жалтыраган таз, кадимки эле адамдар алган. Таздар Лейлектин акимин талашып, Илмияновдун алдында жыгылгандан бери, капшыттан кабыргасын санап жүрүшкөн кайынакалары менен кайынүкаларына ич күптүүсү көбөйгөн сыяктуу. Күйөө карыса жээн болчу эле, Кара-Кулжалыктардын күйөө баласы карыса эле аким талашат, болгондо да жүз миңдей кишиси бар, мунайзат, газын көмүскө Тажикстандын президенттеринин кыздарынын колуна салып берип жаткан акимди талашат. Бул тууралуу өзүнчө сөз болор. Эми каракулжалыктар Лейлектин акимин талашкан башы жалтырак таздарга кызын бербейт. Анткени, каракулжалыктардын кызы кымбаттап, бир гана атка минерлер алат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости