www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө байланыштуу соттук процесске күбө катары чакыртылды. Анын өлүмүнө шектүү катары Мелис Калыков өтүүдө. Бул тууралуу шектүүнүн эжеси Дамира Калыкова билдирди. Анын айтымында 9-10-11-октярь күнү бул иш боюнча соттук процесс болот.
Дамира Калыкова башкы прокурордун соттук ишке келип, күбө катары суралышын талап кылат.
- Мен сизди мындан мурунку соттук процесстерге чакыргам, бирок көңүл бурбай жатасыз, бул сизге намыс алып келбейт. Сиз үлгү көрсөтүңүз, жаран катары, прокурор катары!” – деген ал өз билдирүүсүндө.
Андан тышкары ал, “сизди кылмышкерлерди жашырып жаткандыгыңызга айыптап жатышат. Сотко келсеңиз айың-кептерге чекит коюлмак. Айрым маалыматтар боюнча сиз ал аңуулоого чыккандардын биринин досу, классташы деп жатышат. Сот, Жолборс Кудаяров калган 70 күбөнү соттук процесске чакыруудан баш тартып жатат. Кааласаңар өзүңөр чакырып алгыла деген. Мына мен сизди чакырып жатам” – деген бул иш боюнча шектүү катары өтүп жаткан Мелис Калыковдун эжеси Дамира Калыкова.
Булак: NazarNews.kg