www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Суу шаарында бир катар социалдык объектилердин курулушу создугуп жатат. Алардын арасында мектептер, канализация  да бар. Өкмөт ошондой курулуштарды көзөмөлгө алып, тезинен бүткөрүү жаатында чараларды көрүшү керек. Бул тууралуу депутат Айнуру Алтыбаева Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

Айрыкча Кара-Суу шаарынын эбак эле эскирип калган канализациясын калыбына келтирүүгө көңүл бурулушу керек. Анткени, ал калаада ири Кара-Суу базары орун алгандыктан, келим-кетим өтө көп. Шаар айланасында жашаган жергиликтүү тургундардан тышкары, Тажикстан, Өзбекстандан да күн сайын он миңдеген адамдар келет. Алардын агымын шаардын дааратканалары көтөрө албай калды.

Депутат Айнуру Алтыбаева Кара-Суу шаарынын канализациясын калыбына келтирүү сметасы 2014-жылы эле иштелип чыгып, чыгымы такталганын, бирок ушул кезге чейин каржыланбай келатканын кошумчалады.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости