www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“The Diplomat” журналы Казакстандагы Нурсултан Назарбаев атындагы университеттин профессору Кэррис Шенктин Орусиядагы мигранттарга байланыштуу интервьюсун чыгарды.

Окумуштуу мигранттардын расмий органдар менен мамилеси, Евразия Экономикалык Биримдигине кирген өлкөлөрдөн барган жумушчулар баштан кечирген кыйынчылыктар сыяктуу маселелерге кенен кайрылган.

«Орусиядагы мигранттар бийликтин эрежелери менен мыйзамдарын көз жаздымдан чыгарбашы керек. Мындан тышкары, Орусиядагы мамлекеттик органдардын өз ара байланышы начар болгондуктан иш уруксаты же дагы башка расмий документтер эбегейсиз чоң тоскоолдуктар менен алынат. Бирок, миграция саясаты жалаң эле Орусияда катаал эмес. 2015-жылда өзгөргөн орус мыйзамдарына ылайык Борбор Азиядан барчу мигранттардын санына чектөө коюлбайт. Миллиондогон мигранттар ай сайын Орусиядагы салык төлөө, анын дүмүрчөгүн чогултуу, каттоого туруу сыяктуу иштер менен кыйналышат. Бир эле дүмүрчөк табылбай калса, мигрантты депортациялаган учурлар көп. Евразия Экономикалык Биримдиги мигранттардын акыбалын жеңилдете алган жок.

Ошентсе да, жергиликтүү мыйзамдарга үстөмдүк кылган учурлары бар. Биримдикке кирген кыргыз мигранттардын акыбалы өзбек, тажиктерден айырмаланып жеңилирээк. Ушундан улам Орусияга көп кыргызстандыктар агылууда. Бирок биримдик убада берген социалдык.медициналык камсыздоодон кыргыз мигранттары азырынча куру жалак калып жатышат. Жалпылап айтканда, Орусиянын мигранттарга карата саясаты өтө эле катаал»,- деп профессордун айтканын “Ордо” гезити жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости