www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара-Суу районунда жер тилкелерин мыйзамсыз менчикке өткөрүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
УКМК тарабынан Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Кара-Суу филиалынын жана Ош облусунун Кара-Суу районунун Манас (мурдагы Нариман) айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарынын тобунун жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү, трансформациялоо жана сатуу менен алектенген мыйзамсыз иштери токтотулду.
Тактап айтканда, 2011-жылы Манас айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары жеке материалдык байлык топтоо максатында жана айрым жарандардын кызыкчылыгы үчүн Ош шаарынын жанында жайгашкан 0,77 гектар аянттагы айыл чарба жер тилкесин мамлекеттик менчиктен жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп беришкени аныкталган.
2024-жылы Манас айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан жер тилкеси мыйзамсыз түрдө «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «калктуу конуштардын жерлери» категориясына өзгөртүлүп, бул анын базар баасынын бир нече эсеге жогорулашына алып келген. Андан соң, аталган жер тилкеси көп кабаттуу турак жай куруу үчүн үчүнчү жактарга сатылган.
Тергөөнүн жүрүшүндө Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин 4 кызматкери Ш.З., А.Ж., Ч.Д., М.Э. жана Манас айыл өкмөтүнүн 2 кызматкери Р.А. жана Х.Н. коррупция боюнча айыпталып, тергөө иштери уланууда.