www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Сууда документтерди жасоого шектүү жаран 50 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу райондук милициясынын тергөө кызматы тарабынан документтерди жасалмалоо фактылар боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жана УКМКнын Ош шаары жана облусу боюнча Башкы башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү Кара-Суу шаарынын А.Г. аттуу жашоочусу кылмыш иши боюнча маселени өзүнүн пайдасына чечүүгө аракет кылып укук коргоо органдарынын кызматкерлерине пара сунуш кылган.

Бул фактысы боюнча Ош облусунун Кара-Суу РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктусунун “Пара берүү” негизинде кылмыш иши козголгон.

2024-жылдын 4-июлунда шектүү жаран УКМКнын жана ИИМдин кызматкерлерине 50 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен Кара-Суу райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан кармалды.

Алдын ала алынган маалыматка ылайык, иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалган шектүү жаран (аял киши) узак убакыттан бери өзүнүн кылмыштуу ишин ишке ашыруу үчүн жакын байланыштагы адамдары менен сүйлөшүп алып, жасалма документтерди, тактап айтканда "Туулгандыгы тууралуу күбөлүк" жана "Жарандардын өлгөндүгү тууралуу тастыктамаларды" жасоо менен алектенип келген.

Жогорудагы документтердин негизинде айрым чет өлкөлүк жарандар жана издөөдө жүргөн жарандар КРнын паспортун мыйзамсыз түрдө алган. Жашаган жерин тинтүү учурунда тергөө үчүн кызыкчылык жараткан документтер жана буюмдар табылган. Кармалган шектүү жаран Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости