www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгемендүү өлкө болгондон кийинки мамлекеттик идеологиянын жоктугу, кандай багытты карманаарыбыз белгисиз болгон чар жайыт, башаламан саясат өз жемишин бере баштады. Коомубуз деградация болуп, агрессия күч алды. Буга Ошто орун алган окуя айкын мисал десек жарашат. 

Эске сала кетсек, 13-январда Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндө УКТ мүчөлөрү мушташып, 1993-жылы туулган Баткендин тургуну бычакталып каза болуп, арматура менен буту-колу жанчылып, айоосуз сабалган Кара-Суу районунун 1995-жылы туулган жигит оор жаракат алып ооруканага реанимацияга түшкөн. 

Мындай үрөй учурган окуя тартылган видео соцтармакта тарап, коомчулукта катуу талкуу жаратты. 

Ошол эле күнү "бул кылмыш ишин уюштурган"   деген негиз менен кримчөйрөдө "Женго" каймана аты менен белгилүү болгон Кадыр Досонов кармалган. 

Мындан сырткары адам өлтүрүүгө шектелген беш кишиге издөө жарыяланып, Ош ШИИБи тарабынан ыкчам-издөө иштери башталган. 

Натыйжада, "Женгонун" уюшкан кылмыштуу тобундагы 1995-жылы Өзгөн районунун Куршаб айылында туулган Раимберди уулу Акылбек менен 1995-жылы Ош шаарында туулган Коргонбай уулу Эламан Чүй облусунан кармалышты. Алар Казакстандын чек арасынан өтүүгө аракет кылып жаткан учурда колго түшкөн.

Белгилей кетсек, Коргонбай уулу Эламан буга чейин эрежесиз эр уруш боюнча Азия чемпиону болгон. Мурда алдамчылык жана бейбаштык үчүн кылмыш жообуна тартылган. 

Дагы бир кылмышка шектүү 1991-жылы туулган Ош облусунун тургуну Чубаков Нурбек Өзгөн районунан кармалды. Ал Өзгөн районунун Шамал-Терек айылынын жашоочусу, мурда тоноо фактысы менен соттолгон. 

Ошондой эле, издөөгө алынгандардын бири Актилек Абдивали уулу милицияга өз ыктыяры менен келген. Бирок ал камакка алынган жок. Милиция анын себебин шектүү окуя болгон жерде болбогонун айтып көрсөтмө бергени менен түшүндүрдү. Мурда ал каракчылык, мыйзамсыз курал сактоо жана уурдоого айыпталган.

Кылмышка шектелип Бишкектен кармалган Шакир уулу Курсантбек 1988-жылы туулган, Ош шаарынын Жапалак айылынын тургуну болот. Ал мурда адам өлтүрүү, опузалап акча талап кылуу, денеге оор залал келтирүү жана тоноо кылмышы үчүн жоопко тартылган. 

Мындан тышкары, учурда 1999-жылы туулган Асан уулу Ербол изделип жатат. Ал Кара-Суу районунун тургуну мурда соттолгон, УКТ мүчөсү катары ИМдин каттоосунда турат.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев аталган окуя боюнча маалымат берип, айрым ишкерлер, саясатчылар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен мамиледе болуп, аларды каржылап, чогуу ишкердик жүргүзөөрүн айтты. Бирок алардын ысымдарын атаган жок. 

Ал өз сөзүндө бул багытта ИИМ тарабынан текшерүү жана тергөө амалдары жүргүзүлүп, каржылык жактан колдоо көрсөткөн жарандар Кылмыш-жаза кодексинин 235-статьясы (Уюшкан топторду каржылоо) менен кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгы эскертти. 

Чындыгында, министрдин орун басарынын айтканында жан бар. Жел болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт. Азыркы кезде элге төбөсү көрүнгөн саясатчылар, ишкерлер спорт клубдарды ачып, бука моюн, буура сан балдарды кармашат.

Айталы, Жогорку Кеңештин депутаты, мурун ички иштер министринин орун басары болуп иштеген ошол эле Сүйүн Өмүрзаков, Оштун экс-мэрлери Айтмамат Кадырбаев, Мелис Мырзакматов, экс-депутат Алтынбек Сулайманов, азыркы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин, вице-премьер-министр Бакыт Төрөбаевдин, саясатчы Өмүрбек Бабановдун спорт клубдары бар. 

Бирок, мээсин эмес, спорт клубдарда булчуңун чыңагандардын көбүнүн олимпиада оюндарына тиешеси жок. Кулактары сынган, даласы бир кулач болгондор, спортсмен деген чапанга жамынган бандит чалыш, кара күч менен жан баккандар. Эң эле мыктысы эрежесиз клеткада кызыл-жаян кан болуп мушташып, акча тапканды өнөр көргөн, жалган атакка маашыр болгон зөөкүр болушат. Алар кыйын учурда кожоюну үчүн камчы болуп чабалып, айткан-дегендерин аткарышат. Буга эрежесиз эр уруштан Азиянын чемпиону болгон Коргонбай уулу Эламандын жоругу ачык мисал болот. 

Арийне, ушул спорт клубдарды көзөмөлгө алып, эрежесиз эр урушка тыюу салуу керек. Кылмыш дүйнөсүнө аралашып кеткен спортчуларды мамлекет тарабынан берилген спорт чебери, 
машыктыруучу деген рангдарынан ажыратып, сыйлык-наамдарын жокко чыруу зарыл. Ал түгүл атайын мыйзам кабыл алуу керек. 

Каралар, бандиттер коомдун эң төмөнкү, сый-урматка татыксыз катмары болууга тийиш. Коом андай зөөкүр, бандиттерди адам катарына кошпой жээриш керек. Президент Хабиб сыяктуу эрежесиз эр уруштун чемпиондорун үлгү көрсөтүп сыйлап, коноктоп урматтабастан, илим-билимдүү адамдарды үлгү катары даңаза кылышы милдет. Ошондо гана келечек муундун өкүлдөрү жаштар, кан жыттанган агрессияны, кызыл-жаян болуп мушташкандарды, ар кимди тоноп, киши өлтүргөндөрдү туу тутпай, илим-билимдүү интеллигенцияны, жаратман инсандарды үлгү кылат! Жаман нерсени четке кагып, жакшыны үлгү катары даңазалоо аркылуу коомдогу агрессияны жойсо болот. 

Болбосо, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев айтты эле: "Мындан ары бандиттер качып, жашынып гана жүрүшөт. Алардын биздин коомдо ордулары болбойт",-деди эле. Баары угуп калдыбы? Чаламандын чак түшүндө мыкаачалык менен адамдар токмоктолуп, киши өлүп жатат. Себеби жөнөкөй, азыркы кезде ак-карасы, кызылы аралашып, табакташ болуп чырмалышып калган. Буга Кочкордогу, Сузактагы милиция менен бандиттердин камыр-жумур болгон окуясы, Оштогу канкорлук күбө. 

Демек, мамлекеттик кызматтагы төбөлдөр президент баш болуп, укук коргоо органдары төш болуп жакшы нерсени үлгү катары даңазалоого милдеттүү. Ар кимди башка-көзгө уруп чемпион болгон Хабиб сыяктуу чоң муштумдарды үлгү көрүп, резиденцияда сыйлык берип, урмат көрсөтүү жаштарга тескери таасир берет. Акылга, билимге эмес, кара күч менен ар кимди токмоктоп атагыбыз чыкса, сыйлуу болот турбайбызбы деп психологиясына доо кетет. Ниети, пейили бузулат. 

Мына ансыз да алгачкы, эгемендүү жылдары төрөлгөн балдардын көбүнүн  ата-энелери оор турмуштун кесепетинен мигрант болуп чет жерге иш издеп кеткендиктен, ар жерде туугандарында калып каралбай калган балдар, учурунда жетиштүү мээрим, тарбия көрбөй, билим албай, көчөдө бандит, чоң муштум чала спортсмендерди кумир тутуп чоңойгондун жемишин азыр көрүп жатабыз. Мына Оштогу мыкаачалыкты жасаган балдардын баары 1990-жылдан кийин туулган билимден же тарбиядан жок калган маргиналдардын ачык мисалы. 

Андыктан, коомдуу агартуу, жаркын келечек куруу, бир гана билим аркылуу ишке ашат. Мамлекет билим берүү мекемелерине өзгөчө көңүл бурушу милдет. Ансыз интеллектуалды, билимдүү, адекваттуу, нарктуу жаштар тарбияланбайт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости