www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул күндөрү ИИМдин борбордук аппаратында моралдык-психологиялык климат начарлап, интриганын уюткусуна айланганы, министрдин өздүк курам менен шптөө жагы кедеринен кетип баратканын кайда катабыз?

Кылмыштуулук менен күрөшүү солгундал, минисгр канчалык аракет кылса да тармактагы айрым «крысаларга» алы жетпей, борпоңдугун көрсөтүп жаткандыгы жалганбы? Мындай шартта борбордук бийлик да Кашкар Жунушалиевдин кашаң жүрүшүнө баам салып, алдыңкы күндөрү анын кызматтык ордун карап көрүп, аны ИИМден бул сапар экинчи келгис кылып узатууга белсенишкени каңкууланууда.

Далай МЕНТтердин көзүн кызартып, тандайын такылдаткан бошочу орунга кыраакы опер, кылмыштуулук менен күрөшүү жагынан бийик тажрыйбага ээ болгон полковник Сагынбек Исмаилов келери чынбы? Сөөгүнөн бери анык «кызыл шапкечиге» айланган Сагынбек мырза ушул күндөрү УКМК төрагасынын 1-орун басары, коррупцияга каршы кызматтын жетекчиси катары ишти көркүнө чыгарып, президенттин ишенимин бийик деңгээлде аткарып жатканын көпчүлүк баса белгилеп айтып жүрүшөт.

Исмаилов сыяктуу кыйын жетекчилерге кайсы кызматты ыроолошсо да мамлекет үчүн утуш болоору, андыктан, ага эч тартынбастан күч органдарынын тизгинин тапшыруу мезгилдин талабы экенин айтып коюу кажет.

Булак: "Азия Ньюс"
 

Последние новости