www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азырынча ушундай кеп кетти. Мавлян Аскарбеков, Дайырбек Орунбековдордон кийинки «Жаңы муундагы» «чыйпыттардан» кызмат алуу кезеги Тимур Саралаевге келгени сөз болууда.
Албетте, оомат келсе, бийликке жакса, кызматка келе берсин. Дал ушундай күчкө толуп турган жигиттердин күчүн алуу бийлик үчүн ашыктык деле кылмак эмес. Болбосо буларың «таш чайнап, кум бүркчү» убактарында алтындай убактылары менен энергиясын социалдык туйүндөргө жумшашып, жеңил-желпи «селфилеп» жатышканын кайда катат элек?
Бу Саралаевдин канында анча-мынча алабармандык сапат бар эле, кызматка жетсе салмактуу саясатчыга айланган досу Адил Турдукулов сымал оор басырыктуу, олуттуу фигурага айланаар.
Баса, кыз-келиндерди чемичкедей чаккан биздин каарман өткөн аптада Сары-Өзөндүн ак куусунун жүрөгүн багындырып, бакыт кушун колуна кондурду.
Куш боо бек болсун! Мындай шартта биз жигиттин гүлүнө үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз! Ылайым кармашкан колуңар үзүлбөсүн!
Булак: "Азия Ньюс"