www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттик аппаратты Сүйүнбек Касмамбетов жетектеп отурат. Бул оён сыртынан сыр билгизбегени менен ичтен былгытып, туутан-урук, куда, күйөө баласына кам көрүп жатканы ачыкталууда. Билинбей отуруп бакиевдик системаны кайра кайтарууга ашыккан пенде беле?

Маселен, бир тууган күйөө баласы Арслан Койчиевди президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси кылып дайындатты. Арсландын аялы Акчолпон Койчиева эринин фамилиясына өтүп, Би-Би-Сиде иштеп жүргөн журналист. Ал эми Би-Би-Синин Лондондогу бюросунун жетекчиси Гүлнара Касмамбетова менен Акчолпон аппарат башчы Сүйүнбектин бир тууган карындаштары. Арслан Койчиев болсо, жыйырма жылдан бери ошол кайнежесинин арты менен «күч күйөө» сыңарындай ал жакта иштеп жүргөн. Би-Би-Сини үй-бүлөлүк башкарууга алып келишкени аз келгенсип, эми президенттик аппаратты өз менчиктерине энчилешкени, тымызын тууганчыл кланга айлантып жатышканы кайсы логикага сыят?

Атаңгөрү, Садырдан үмүт эбегейсиз эле, еврей сымал булардын курмандыгы катары каалаган кадрларды коё берсе, элибиз эртең түкүрбөйбү?

Президенггик аппараттын башчысы Сүйүнбек Касмамбетов көз будамайлоо менен көптөгөн былык иштерди, үй-бүлөлүк кызыкчылыктарды ишке ашыруу үчүн Садыр Жапаровдун ишенимине кирип, аягы арсыз иштери менен ачыкталууда. Мындай көрүнүштөргө учурунда баа бербесек, эртең ашынып кетишсе кантип тыябыз?.. Бул тууралуу Азия Ньюс гезити жазып чыкты.

Белгилей кетсек, 3-февралда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Койчиев Арслан Капайович Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси болуп дайындалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости