www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте мектептерди ачууну талап кылган акция өттү

4-февралда Бишкек мэриясынын алдына чогулган 20дай киши мамлекеттик мектептерди , бала бакчаларды ачууну талап кылышты.

Алар Кыргызстандын башка аймактарында мектептер, башкалаада базарлар жана соода борборлор кадимкидей тартипте иштеп жаткан учурда онлайн окуу уланып жатканына нааразылык билдиришти.

Чогулгандардын алдына чыккан вице-мэр Айжан Чыныбаева башкалаада мамлекеттик мектептер менен бала бакчалардын ачылбай жатышынын себебин коронавирустун жайылышынын алдын алуу аракети деп түшүндүрдү.

Анын айтымында, аймактарга салыштырмалуу Бишкектин мектептеринде окуучулар өтө көп. Мындан улам вирустун жайылып кетүү коркунучу күч. Чыныбаева ата-энелер арасында балдарына коронавирус жугат деп кооптонгондор да көп экенин билдирди:

"Бишкекте 200 миңге жакын окуучу бар. Мектептер 211 пайызга толуп калган. Ооба, соода борборлор ачык, бирок ал жакка бир учурда 200 миң адам барбайт", - деди Чыныбаева.

Бишкекте 18-январдан бери 1-5-9 жана 11-класстын окуучулары мектепте билим алып жатышат.

Мэрия калган класстар да мектептерде окууга өтөрүн пландаган. Эпидемиологиялык абалдан улам 30-январда аларды кадимки тартипте окууга өткөрүү убактысы артка жылган.

24-январда борбор шаардагы эки мектептин окуучуларынан коронавирус табылганы белгилүү болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости