www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда 1-февралда калкты коронавируска каршы жапырт эмдөө башталганы менен Россиянын «Спутник V» вакцинасы өлкөдө каттоодон өтө элек. Бул маалыматты брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Ерлан Киясов ырастады.

«Азыр каттоо досьеси кароодо, тиешелүү документтердин топтому даярдалып жатат. Вакцина жакынкы убакта Казакстанда каттоодон өткөрүлөт. Вакцинанын 22 миң дозадан турган алгачкы партиясы мыйзамга ылайык алып келинди. Мындан тышкары Караганды фармацевтикалык комплексинде да алты миң доза «Спутник V» вакцинасы өндүрүлдү. Анын үлгүлөрү Гамалеи атындагы институтка жөнөтүлүп, ал жактан жактырылып, жогорку натыйжалуулукту көрсөткөн», — деди Киясов.

Саламаттык сактоо министринин дагы бир орун басары Ажар Гиният «эмдөө иштерин баштаганга чейин мекеме орус тараптан вакцинанын клиникалык сыноолору боюнча бардык маалыматтарды алып, экспертизадан өткөргөндөн кийин гана» Казакстанга алып кирүүгө уруксат берилгенин белгиледи.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги 19-январда калкты коронавируска каршы жапырт эмдөө иштери 1-февралда Россиянын «Спутник V» вакцинасын колдонуу менен башталарын билдирген.

Казакстан Россиядан бул вакцинаны сатып алуу үчүн мамлекеттик бюджеттен жалпысынан 16,8 миллиард теңге (40 миллион доллар) жумшайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости