www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Феликс ага, бүгүнкү күндө Кыргызсгандагы саясий абалга кандай баа берип турасыз?

- Азыр оор абалдабыз. Экономикабыз төмөн түшүп кеткен. Азык-түлүк продукцияларыбыздын запастары жокко эсе. Басымдуу бөлүгү четтен келүүдө. Алардын канчасы экологиялык жактан таза, канчасы жарамдуу экенин эч ким билбейт. Бириккен Улутар Уюму 2021-жыл бүткүл дүйнө боюнча абдан оор болорун жарыя кылды. Анын ичинде ошол эле азык-түлүк продукциялары тартыш экенин жана COVID-19 пандемиясынын 3-толкунун айтты. Ошого карабай биздин өкмөт жогорудагьшарды эске алып, аябай чымырканып иштесе, каатчылык абалдан чыгып кетүү жагы бар. Бирок, менде андай оптимизм жок.

- Учурда жаңы шайланган президентке оппозиция керекпи?

- Конституциялык кеңешмеде отургандар жаңы Баш мыйзамга «президентке, өкмөткө оппозиция болуш керек» дегенди киргизишти. Бирок, кандай оппозиция болору бул башка маселе.

Алсак, Абдил Сегизбаевдин, Курсан Асановдун тарапташтары өздөрүн «оппозициябыз» деп атагандары туура эмес. Менимче, конструктивдүү, акыл-эстүү оппозиция болгонун коомчулук колго алат. Жөн эле кыйкырьга, эшикке чыгып алып ахлакратияга айлантканын эч ким жакгыра бербейт.

- 10-январдагы президенттик шайлоо сиздин оюңузча туура эле болдубу?

- Президенттик шайлоо туура эле болду. Бул жерде да «бирок...» деген сөз бар. Эмнеге дегенде, коомчулук жапатырмак прези-дентгик башкарууну тандап алды. Бул да туура. Эми жакынкы арада Баш мыйзамдын жаңы редакциясы иштелип чыгат. Кептин баары ушул жерде. Президенттин укуктары кеңейтилдиби, же өтө эле кыскартылдыбы? Кандай болгон күндө да коомчулуктун реакциясы болот. Курч маанайда. Мүмкүн «жаңы Баш мыйзамдын негизинде президенттик шайлоо болушу керек» деген оюмда турам. Эми ага чейин парламентгик талкуу болот, жактырылат, жактырылбайт дегендей, коомчулук да өз ойлорун айтуугаукуктары бар. Президенттик кайра шайлоо боюнча оюмду жакынкы күндөрү толуктап айтам.

- «Жогорку Кеңештин 6-чакырылыштагы депутаттары таркасын, булардын мөөнөтү эбак эле бүткөн!» дегендер чыкты...

- Конституцияда «жаңы парламент, парламентарийлер шайла-нып келгенге чейин мурунку чакырылыштын депутатгары иш алып барып туруш керек» деген таризде жазылган. Себеби, «мөөнөтүңөр бүттү, кеткиле» дегенде бийликтин боштугу, вакуум пайда болбош керек, мыйзамталаасы сакталып турганы оң. Демек, кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, жаңы депутаттар келмейинче каалайбызбы-каалабайбызбы, 6-чакырылыштын депутаттары иштей берет.

Булак: Азия News гезити

Последние новости