www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. "Владимир Путин өлкөдөгү кырдаал тууралуу маалымат берди" деп жазат казак президентинин расмий сайты.
Касым-Жомарт Токаев болуп жаткан окуялар Орусиянын ички иши экенин белгиледи.
"Конституциялык түзүлүш өлкөдөгү мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылуунун зарыл шарты болуп саналат. Бул коомдун коопсуздугунун жана анын ийгиликтүү өнүгүшүнүн негизи", - дейт ал.
"Президент Владимир Путин Казакстандын Орусия Федерациясындагы азыркы кырдаалды түшүнгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди", - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg