www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда HOLA News сайты ачылбай калды

Казакстанда HOLA News жаңылыктар порталы ачылбай калды. Басылманын редакциясы бейшембиге караган түнү тараткан маалыматта сайт 48 сааттан бери ачылбай жатканы жазылган. Редакция сайтка чабуул жасалган болушу ыктымал деп эсептейт. Бул тууралуу КазТАГ агенттиги билдирет.

«HOLA News сайтынын бөгөттөлгөнүнө 48 саат болду. Сайт Казакстандагы бардык ири провайдерлер: «Казактелеком», Kcell, Beeline, TELE2 жана башкалар аркылуу ачылбай калды. Сайт сервери Казакстан мыйзамдарына шайкеш Казакстан аймагында болгондуктан, чет өлкөлүк окурмандар да сайтка кире албай калышты», - деп айтылат маалыматта.

Сайтка хостинг кызматын көрсөткөн PS.kz интернет компаниясы кызматын токтотпогонун, маселе байланышты камсыздаган провайдер тарабынан жаралганын кабарлаган. Байланыш операторунан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Бир нече колдонуучулар сайт VPN (виртуалдуу жеке түйүн) аркылуу да ачылбай жатканын билдиришти.

Адистер сайт DPI-бөгөттөөгө (Deep Packet Inspection, сөзмө сөз которгондо «тармак пакеттерин терең анализдөө») кабылган болушу ыктымал.

Редакция өз билдирүүсүндө дайым мыйзам чегинде иш алып барганын жана коомдогу олуттуу маалыматтарга калктын көңүлүн буруп келгенин билдирген. Ошол эле маалда акыркы бир нече жумада сайт бир нече жолу ар башка чабуулга кабылганын белгиленет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости