www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жер ресурстары агенттигине караштуу «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Сузак филиалынын башчысынын орун басары С.З.Т. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлайт.

«Кадастр» ишканасынын Сузактагы филиалынын кызматкерлери өз кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, суу коргоо зонасынын аймагында жайгашкан жер тилкесин «Калктуу конуш» категориясына которуу боюнча тиешелүү документтери - укукту аныктоочу документтери жок болгонуна карабастан берип жибергени аныкталган.

«Кадастр ишканасынын Сузактагы филиалынын кызматкерлери 2021-жылдын 5-октябрында КР Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, аталган ишкананын директорунун орун басары С.З.Т. Жалал-Абад шаарынын ИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аталган мыйзамсыз иш-аракеттердин натыйжасында мамлекетке 1 миллион 21 миң 560 сом зыян келтирилген», - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости