www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 10-июнда Казакстандын Алмата шаарында президенттик шайлоого каршы болгон бир топ адамдар "Алатау" театрынын маңдайында нааразычылык билдирип чыгышкан. Ошол убакта полиция 50-60 адамды кармап кеткен. Арасында казак төкмө акыны Ринат Заитов да бар.
Андан соң, чогулгандар Заитовду бошотуу талабы менен Шаардык полиция департаментинин алдына чогулушкан. Алар менен Алматы шаардык полиция департаментинин жетекчи орун басары Избасар Бектуров жолугушкан. Ошондон кийин, акын бошотулган.
Кечки саат 23:00 чамасында төкмө акын Ринат Зайитов Алматы шаардык полиция департаментинин алдына чогулгандар менен жолугуп, аларды таркап кетүүгө чакырды.
"Тарагыла, мен үйдөн келдим. Баарыңар үчүн жанымды берүүгө даярмын. Муунум бошоп, көзүмө жаш келип турат. Сиздер менен биргемин. Кармалгандардын баары чыкты. Бардыгы жакшы. Эч ким эч жерде калган жок", - деген акындын сөздөрүнөн кийин топтолгондор акырындан тарай башташты.
Департамент алдына чогулгандардын айрымдары: "Казакстан бир кадам алдыга жылды. Биз жеңдик!", - деп кыйкырып жатышты.
Булак:NazarNews.kg