www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова бүгүн Казакстандын элчиси Айымдос Бозжигитовду кабыл алып, президент Атамбаевдин Евроньюс каналына берген маегиндеги Казакстан тарапты териктирген сөз боюнча түшүндүрмө берди. Атамбаев аталган каналга берген маегинде 2010-жылы апрель окуяларынан кийин Казакстан чек араны жаап койгондо адам өлүмүнө чейин алып келген олуттуу кыйынчылыктар болгонун айткан эле.

Министрдин биринчи орун басары президенттин сөзүнө мисал катары чек ара жабыктыгынан жаштардын тобу Чүй суусун кечип өтүүгө аракет кылып, балдардын бирөө кырсыктап мерт болгондо анын ата-энеси медициналык жардам алуу үчүн чек арадан өтө алышпай калганын айта кетти. Кемелова ошондой эле чек ара жабык турган бир жарым айдын ичинде дары-дармек жетишпей, катуу оорулуу адамдар да каза болгон учурлар бар экенин билдирди. Чек аранын жабыктыгынан абдан зарыл дары-дармектер келбей калып, миңдеген орулуу адамдардын өмүрүнө коркунуч туулган.

Министрдин орун басары казак элчисине бул тема боюнча талаш-талкууну таштап, андан көрө мамлекет башчылары койгон маселелерди чечүүгө күч жумшоону сунуштады. Бул жѳнүндө Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө айтылат.

Айтмакчы, азыркы учурда кыргыз-казак чек арасында 12 текшерип өткөргүч бекеттердин төртөө дагы деле жабык турат. Бул эки өлкөнүн өкмөттөр аралык келишимдерине каршы келерин министрдин биринчи орун басары казак элчиси менен жолугушууда дагы баса белгилеген экен.

Булак: "bbc.com"

Последние новости