www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биз Кыргызстанга демократия жолуна түшкөн аймактагы жалгыз өлкө катары карайбыз. Бул тууралуу Европарламент делегациясынын башчысы Ивета Григуле «Европа Биримдиги — Кыргыз Республикасы» парламенттик кызматташтык комитетинин Бишкекте өткөн ХII жыйынынын соңунда билдирди.

Анын айтымында, жыйындын жүрүшүндө тараптар терроризмге, маңзат сатууга каршы күрөшүү, чек ара жана экономиканы өнүктүрүү боюнча пландарды талкуулады.

«Кыргызстан Европа парламентинин маанилүү өнөктөшү болуп эсептелет. ЕБ демократияны көздөй жасалган кадамдарды кубаттайт жана мыйзамдын, адам укуктарынын бийлигин бекемдөө боюнча кеңеш берип, билим берүү системасын колдоого даяр», - деди ал.

«ЕБ - КР» парламенттик кызматташтык комитетинин теңтөрагасы Абдывахап Нурбаев 2014-жылы өлкөгө Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясы тарабынан «Демократия боюнча өнөктөш» макамы берилгенин белгиледи. «Бул артыкчылык эмес, милдет. Кыргызстанда ал макамдын берилишин демократиялык өнүгүү тармагындагы аракеттердин ырасталышы катары кабыл алышат», - деди Нурбаев.

Андан сырткары жыйында Кыргызстанга ВСП+ макамын берүү маселеси да көтөрүлдү. Тараптар Кыргызстан Европа биримдигине экологиялык жактан таза айыл-чарба азыктарын жана тигилген буюмдарды жеткирип, өлкөгө европалык туристтерди тарта ала турганын белгилешти.

Европа парламентинин делегациясы «ЕБ - КР» парламенттик кызматташтык комитетинин XII жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга 20-февралда келген.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости