www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үчүнчү эл аралык “Мейкин Азия” фестивалынын баш байгесин казакстандык ырчы айым Айна Калмаганбетова жеңип алды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

“Мейкин Азия” фестивалынын жеңүүчүлөрү

Баш байге - Айна Калмаганбетова (Казакстан);

1- орун: Руслан Асанкан (Кыргызстан) жана Бегюм Текакпынар (Түндүк Кипр);

2-орун: Сарвиноз Камалова (Өзбекстан) жана Нада Талевска (Түндүк Македония);

3- орун: Адильхан Макин (Казакстан) жана Касиет Идирисова (Кыргызстан).

Ал эми, фестивалдын атайын сыйлыгын Түркиядан келген Жевхер Аксойго ыйгарылды.

Биринчи орунду багындарган жеңүүчүлөргө 3 миң АКШ доллары, атайын статуэтка, диплом, экинчи орунга 2 миң АКШ доллары, 3 – орундарга миң АКШ доллары жана дипломдор менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, “Мейкин Азия” фестивалынын биринчи күнү 18-август күнү өтүп, конкурсанттар өз эне тилиндеги ырларды жандуу аткарышкан. Ал эми 20-августта фестиваль жыйынтыкталды. 

Сынакка Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Венгрия, Түркия, Түндүк Кипр, Босния жана Герцоговина, Россия, Түндүк Македония, Словения жана Сербия мамлекеттеринен келген 18 жаштан 35 жашка чейинки таланттуу 16 жаш эстрада ырчылары катышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости