www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан парламентинин эки палатасы тең Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи окуудан кабыл алды.

Дүйшөмбүдө кабыл алынган бул өзгөртүүлөргө ылайык, парламенттин жана өкмөттүн ыйгарым укуктары күчөтүлмөкчү. Президенттин милдеттеринин айрымдары өкмөт менен парламентке берилет.

Айталы, мамлекеттик программаларды жана каржылоо боюнча бирдиктүү системаны, мамлекеттик бюджеттен төлөгөн айлык-акыларды бекиткенге өкмөткө укук берилет. Мажлистин (төмөнкү палата) ролу кеңейтилип, өкмөттү түзүүдө, министрлер кабинетин көзөмөлдөөдө көбүрөөк мүмкүнчүлүктөргө ээ болот.

2016-жылдын декабрында Президент Нурсултан Назарбаев ыйгарым укуктарын парламент жана өкмөт менен бөлүштүрүү туралуу атайын комиссияга тапшырма берген. Бирок ал Казакстан баары бир президенттик башкаруудагы өлкө бойдон каларын белгилеген эле.

Ноябрь айында Мажлистин айрым депутаттары өлкөнүн баш калаасы Астананы өлкө Президентинин урматына Нурсултан деп өзгөртүү демилгеси менен чыкканы бар. Ошол учурда конституциялык кеңештин жетекчиси Игорь Рогов мунун менен бирге, депутаттардын дагы бир демилгесин - Баш мыйзамга Президенттин сиңирген эмгегин жазып коюш керек дегенди да референдумда талкуулоого болорун билдирген.

Булак: "bbc.com"

Последние новости