www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Корея бардык каршы чыгууларга карабастан ядролук сыноолорун улантууда.

Пионгиянг башкаруусу жекшемби күнү кечинде бири биринин артынан 4 ракетасын сынады. Япон деиңзине түшкөн ракеталардын географиялык аралыгы кыска болсо да саясий аралыгы абдан узун эле.

Ошондуктан  биринчи каршылык АКШдан келди. Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта : «АКШ, Корея Демократиялык Эл Республикасынын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин долбоорлорун бузуу менен бул түнү ишке ашырган баллистикалык ракета сыноосун күчтүү түрдө айыптайт»,- деп айтылды.

Министрликтин катчы өкүлү Марк Тонер АКШнын өзүн жана союздаштарын  кол салууларга каршы коргоо жана коркутууларды жок кылуу үчүн бардык жөндөмдүүлүктөрүн колдонууга даяр экендигин билдирди.

Япония менен Түштүк Корея да жаңы ракета сыноолорунан улам Түндүк Кореяны айыптады.

Түштүк Кореянын башкы штабынын төрагалыгы Япон деңизине карай 1000 километрге жакын  аралыкты өткөн ракеталардын түрүнү карап жаткандыгын билдирди.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости