www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов коронавирусту жуктуруп алды. Бул тууралуу ал кечээ Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу жарыялады.

«Достор, тилекке каршы, жагымсыз жаңылыгым менен бөлүшөйүн деп жатам. Менин коронавируска карата тапшырган анализимдин жыйынтыгы илдетке чалдыкканымды көрсөттү. Менде илдеттин белгилери байкалбаган формада өтүп жатат,  ошондуктан мен жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылдым”, - деп бөлүштү ал.

Эске сала кетсек, учурда Казакстанда коронавирус инфекциясына чалдыккандардын саны бүгүн, 15-июнга карата 14 496 учур болсо, анын 9 188и сакайып кеткен. Көз жумган бейтаптардын саны 73тү түздү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости