www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын президенти Владимир Путин өлкөсү коронавирус эпидемиясынан "ишенимдүү жана аз жоготуу менен" чыгып баратканын билдирди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты.
Президенттин "Россия" телеканалына берген маегинин айрым бөлүктөрүн журналист Павел Зарубин 14-июнда жарыялап, пандемия учурундагы Путиндин алгачкы маеги экенин белгиледи.
Анда президент Кошмо Штаттарынын коронавируска каршы күрөшүнө да токтолду. АКШда «партиялардын кызыкчылыгы эл кызыкчылыгынан жогору» коюлуп калганын, ошондой эле президенттин сөзүнө штат губернаторлору кулак салбай жатканын, мындан улам илдеттин таралышы басаңдабай жатканын белгилеген.
Ал эми эл аралык коомчулук тескерисинче Россияда бийлик бир кишинин гана колуна топтолгонун белгилеп келишет.
14-июнга карата Кошмо Штаттарда коронавируска чалдыкканы аныкталгандар 2 миллион 140 миңден ашты. Ал эми Россияда 530 миңди чамалады. Ошол эле учурда Россияда көптөгөн илдетке чалдыккандар, анын ичинде мигранттар статистикага илинбей жатканы маалымдалат.
Эки өлкөнүн бийлиги тең адамдардын көп катталып жатышын коронавируска карата тестти тапшыргандардын көбөйүшү менен чечмелеп келишет.
Булак: NazarNews.kg