www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айрым маалымат агенттиктерде пара талап кылгандыгы үчүн айыпталган ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын башчысынын мурдагы орун басары Ралис Касанов кызматынан айдалгандыгы мыйзамсыз деп табылгандыгы боюнча маалымат тараган.

“Ралис Касанов кызматтык тартипти бузгандыгы, милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарбагандыгы, кол алдындагы кызматкерлерден акча каражатын чогултууга жана опузалап талап кылгандыгы үчүн кызматынан кетирилгендигин билдиребиз”,- деп айтылат, ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Бүгүнкү күнү Ралис Касановдун кызматтан кетирүүсүн райондук сот мыйзамсыз деп таанып, бирок ИИМ биринчи инстанциянын чечими боюнча даттануу арызын жиберген. Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун токтомун күчүндө калтырганы менен бүгүнкү күнү атуулдук иш Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда кароодо. Акыркы чечими кабыл алына электигине байланыштуу ал кызматына кайрадан орношуусу мүмкүн эмес.

Андан сырткары ИИМдин Ички иликтөө кызматынын маалыматы боюнча, Р. Касановго карата жакында кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн маалыматында Р. Касанов Ысык-Ата райондук аскер комиссариатынын 2003-жылы 23-ноябрында ЧИ №563 сериялуу берилген аскер күбөлүгүнүн ордуна берилген убактылуу күбөлүктү жасалмалоо жолу менен, 2005-жылы 15-июлда ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын милиция полкунун чет өлкөлүк мамлекеттердин өкүлчүлүгүн коргоо боюнча батальондун күзөт тескөөчүсү ишине мыйзамсыз орношкон. 2019-жылдын 26-февраль күнү жогорудагы фактынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 359-беренесинин 3-бөлүмүндө (Башка кылмышты жашыруу менен аны жасоону жеңилдетүү максатында жасалма расмий документтерди колдонуу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча (кылмыш иши козголгон) сотко чейинки өндүрүш башталды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, Р. Касановго берилген убактылуу күбөлүк, мурда Ысык-Ата райондук аскер комиссариаты тарабынан Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жашаган Ш. Лировго 2005-жылы 17-январда Чи №563 сериясы менен берилгендиги такталган.

Жогоруда көрсөтүлгөн жасалма расмий документти жашыруу жана өзүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин мыйзамдаштыруу максатында милициянын ага лейтенанты Р. Касанов МАККББнын милиция полкунун чет өлкөлүк мамлекеттердин өкүлчүлүгүн коргоо боюнча 7-взводунун тескөөчүсү кызматында учурунда 2010-жылы 29-июнь күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук аскер комиссариатынан КРнын Коргонуу министрлигинин буйруктарын бузуу менен А. №340101 сериялуу аскердик билетти Ысык-ата РАКта алтернативдүү кызмат өтөгөндүгү жөнүндө тастыктаган документтери жок туруп Ысык-Ата райондук аскер комитетинин 2003-жылы 23-ноябрында Чи №563 сандуу берилген жасалма убактылуу күбөлүгүнүн ордуна мыйзамсыз алган.

Ошонун негизинде Р. Касанов документтерди жасалмалоо жолу менен Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына кызматка орношуп, мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгын коргогон мыйзамдарды бузууга алып келген.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин 2018-жылы 31-майында чыккан буйругуна карабастан Р. Касанов кызматтык күбөлүгүн мыйзамсыз колдонуп жүргөндүгү аныкталып, анын жашаган жерин текшерүү учурунда табылып алынган.
Андан сырткары, азыркы учурда Р. Касановдун Кыргыз Республикасынын жарандыгын алгандыгы боюнча учурда 2018-жылы 18-декабрында №1333- ХII сандуу “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы бузулгандыгы боюнча сотко чейинки текшерүүлөр жүрүп жатат. Анткени анын ата-энеси Казакстан Республикасынын жарандары болушат. Учурда иликтөө уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости