www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алай райондук Үй- бүлөлүк медициналык борборунун дарыгерлери Кызыл Алай айылынын тургундарын акысыз текшерүүдөн өткөрүштү. Мындай жакшы жышаан 8-Март Эл аралык айымдардын күнүнө карата арналды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган айылда калктын саны 816 болгону менен, адистер кош бойлуу айымдарды жана мектеп окуучуларына медициналык кызмат көрсөтүштү. Калкка кызмат кылууга гинеколог, эндокринолог, ультра-үндүү изилдөө (УЗИ) аппараты менен бир адис жана үй- бүлөлүк дарыгер болуп бригада түзүлгөн. Текшерүү учурунда зарыл болгон тургундарга дарылоо шарттары жана дары-дармек жазылып, кенеш берилди.

Адистердин айтымында, бул иш-чара кийинки жумада Талды-Суу, Сары-Могол айыл өкмөттөрүндө уланмакчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости