www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул жумада Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунун Жаштар борборунда Кыргыз Республикасынын Шанхай Кызматташтык Уюмунда төрагалыгына арналган, XXII Олимпиада оюндарында марафон боюнча коло медалдын ээси Сатымкул Жуманазаровдун жаркын элесине арналган «Run the Silk road - Shanghai Cooperation Organization» («Run the Silk road- SCO») 8-Эл аралык марафонуна даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча маалымат жыйын болуп өттү.

Маалымат жыйынга КРнын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов, Эл аралык марафон боюнча дирекциянын аткаруучу директору Мелис Надыров, «Кока-Кола Бишкек Боттлерс» ЖАКнун башкы директору Мутлу Ожак жана «Кока-Кола Бишкек Боттлерс» ЖАКнун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн директору Айпери Эмилбекова катышышты.

«Марафондун өзгөчөлүгү – бул Кыргызстандын Шанхай Кызматташтык Уюмунда төрагалыгы. Иш-чара ири масштабда өтөт. Эл аралык марафонду өткөрүү үчүн мамлекеттен 10 млн сомдон ашык каражат бөлүнөт. Марафондун тарыхына токтоло турган болсок, 27 мамлекеттен 14 миң адам катышкан 2017-жылкы ШКУнун Куньмин марафонунда кыргыз спортчусу Адилет Кыштакбеков алтын медалдын ээси болгон. 2017-жылы Астанада ШКУнун марафону өткөрүлгөн. Ага ШКУнун мүчө-мамлекеттери менен бирге 32 мамлекеттин спортчулары жана спорт сүйүүчүлөрү катышып, Виктория Полюдина жеңүүчү аталган, ал эми Илья Тяпкин эркектердин арасында үчүнчү болуп келген. 2018-жылы жеңил атлетчи Дарья Маслова коло медаль алган. Жалпысынан алганда, марафондун салттары жакшы, аны коштоп бул жылы Кыргызстанда Эл аралык марафонду өткөрүүнү чечтик», – деди Канат Аманкулов.

«Бул марафонго 3 миң спортчунун жана спорт сүйүүчүлөрүнүн катышуусу күтүлүүдө. Алардын арасында ШКУнун мүчө-мамлекеттеринин алдыңкы спортчулары жана Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын спортчулары болот. Бул компания ШКУнун Эл аралык марафонунун башкы өнөктөшү», – деп кошумчалады ал.

«Бул жылы биз үчүн Ысык-Көл жолунун IAFде сертификацияланышы маанилүү болуп саналат. Биз иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрөбүз деп үмүтүбүз чоң. Професиионалдардын арасында байгелүү орундар үчүн конкуренция күчтүү болот, ШКУ чөлкөмүндөгү мамлекеттердин мыкты спортчулары катышаары күтүлүп жатат», – деп сөз аягында М.Надыров каалоочууларды марафонго катышууга чакырып кетти.

ШКУнун марафону 2019-жылдын 11-майында Ысык-Көл облусунда өтөт. Марафон Чолпон-Ата ат майданында саат 9:00до старт алат.

Марафондун уюштуруучулары:

  • Кыргызстанда ШКУнун Мамлекет башчыларынын кеңешинин отурумун даярдоо жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитети;
  • КРнын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик;
  • КРнын Жеңил атлетика федерациясы;
  • «Эл аралык марафон боюнча дирекцисы» Коомдук бирикмеси КРнын Улуттук олимпиадалык комитетинин колдоосу менен.

Марафондун башкы өнөктөшү – «Кока-Кола Бишкек Боттлерс» компаниясы.

Жалпы байге фонду 1 млн 918 миң сомду түзөт.

Байге фонду:

Абсолюттук жаш курак категориясында марафон (кыз-келиндер жана эркектер арасында):

1-орун – 210 миң сом

2-орун – 175 миң сом

3-орун – 140 миң сом

4-орун – 105 миң сом

5-орун – 70 миң сом

6-орун – 35 миң сом.

Абсолюттук жаш курак категориясында жарым марафон (кыз-келиндер жана эркектер арасында):

1-орун – 70 миң сом

2-орун – 56 миң сом

3-орун – 35 миң сом

4-орун – 28 миң сом

5-орун – 21 миң сом

6-орун – 14 миң сом.

Башка категориялар дагы баалуу белектер менен сыйланышат.

Сатымкул Жуманазаровдун жана Ирина Богачеванын рекордун жаңырткан жөө күлүктөр кошумча 3 миң АКШ доллары менен сыйланышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости