www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кеч гүлдөгөн Акгүл

... Анда да көктөм быйылкыдай кечигип, күн алыс кар аралаш жаан жаап, жүдөтүп турган убак эле. Асмандан башка айланасынын баары жабык, бийик дубал, темир тор менен тордолгон аялдар абагында да жазды эңсеп күтүл атышкан.

«Капырай, жаз эмне мынча күттүрдү?! Эртерээк келсе болбойт беле?», «И, жаз келсе эмне кылат элең? Камакта отурган соң, сага жазбы-кышпы, айырмасы кайсы?», "Койчу" жакшы сөз сүйлөп, жакшы тилек кылчы! Жаз келсе жан бүткөндүн баары жанданып, мобу кунарсыз, супсак жашообузга өзгөрүү кирет эле да. Жазгы майрамдарга улай амнистая чыгып калса, бошоп да кетет белек? Баламды сагындым. Түшүмө кирип, түн ортосунда ыйлап ойгончу адат таап алдым». Жамгырдан корголошуп коридордо сүйлөшүп турган эки аялдын сөзүн бөлүп, сырттан күрмөсүнө башын каткан келин жүгүрүп кирди. Ал атайын отряддагылар бүт уксун дегенчелик кылып, үнүн бийик чыгарып: - Сүйүнчү Мага сүйүнчү бергиле! Депутаттар келишиптир. Биринчи отрядды кыдырып жүрүшөт.

- Жакында амнистия чыгабы? Кимдер илинет? - деп аялдардын бири сурады, - Майрамга карата чоң мунапыс жарыяланганы турат... -деди келин, - Кечээ эле телевизордон бакылдал сүйлөгөн, чачы тармал, чоң көз айнекчен депутат бар го, ошол айтты. Азыр бизге да киришет болуш керек, - деп жар салган келиндин көздөрү жайнап, кубанычында чек жок эле. Мыңдай жаңылыктан кийин тынч жаткан отряддын ичи ызы-чуу түшүп калды. Кээси керебетин оңдоп жаап, экинчиси чачын тарап, колу менен көйнөгүнүн бырышын жазып, үчүнчүлөрү келиңди тегеректеп, эмелеки уккандарын кайра кайталап сурап, өздөрүнчө кудуңдап атышты. - Тим эле дарбазаны чоң ачып, «чыга койгула» деп аткансып, анча эмне сүйүнүшөт?! «Амнистиясы чыгат» дегенине деле ишенбей калдым. Чыккан күндө деле башкалар илинсе илинет, 97лер дээликпей эле демибизди жыйып, тынч отура берели. Биз байкуш канча жыл алсак, ошончо отуруп беребиз да, - деп наалый сүйлөнүп, кайдыгер басып кеткендер да бошобой койгон жок.

Депутаттардын келиши менен мунапысты ак эткенден так этип, кун санап күтүшкөн аялдар абагана майрам түшкөндөй эле болду. Алардын абакты кыдырып, жаза мөөнөтүн жабык жерде өтөп отурушкан аялдардын жашоо турмушу менен таанышып, арыз-муңдарын угуп жүргөндөрү алеки заматта абактын баш-аягына тарады. Канча адам болсо, ошончо тагдыр болгон сыңары, жашоо-турмушунан жаңыльш, жаза басып, кылмыш ишине барып, же жазмыштын бир сыноосуна кабылып, камакта күн кечирип атышкан аялдар аз эмес эле. Жанага келин айткаңдай эле, жарым саат өтүп-өтпөй аталган отрядга абактын, отряддын жетекчилеринин коштоосунда жоон топ депутаттар кирип келишти. - Саламатсыздарбы? - Саламатчылык! - деп аялдар бир ооздон жадырай карашты.. - Биздин депутаттык топ атайын сиздердин ал-абалыңыздар менен таанышып, кандай кем-карчыңыздар бар билели, жардам берели деген максат менен келдик. Тамак-ашыңыздар кандай? Кандай суроолоруңуздар болсо берсеңиздер болот? -деди келгендердин арасынан жаш депутат Асылов оозуна сөз баштап, аялдарды айланта карай. Жымжырттык ээлеп турган отряд ичи күүлдөй түштү... (Улаңдысын жаңы жарык көргөн «Кеч гулдөгөн Акгүл» китебинен окусаңыздар болот. Автору Зыйнат Алиева, Китепти сатып алууну каалагандар китеп-гезит базарына жана Ала-Тоо аянтындагы китеп жарманкесине кайрылсаңыздар болот.

Тел: 0704585865, 0508150497)

Булак: АзияNews

Последние новости