www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шакем, 1983-жылы ала шалбырт жаз айларында Кыргыз улуттук филармониясына адабий бөлүмдүн башчысы болуп келип калды. Башында “стекло ватадан” тигилген тумак, жонунда купкуу болгон плащ, бутунда өмүрү тазаланбаган же тупилий, же батинка. Директор жалпыбызга тааныштыргандан кийин Асанкул Шаршенов мага шыбырап жатпайбы. Бу жогору жак буга чейин адабий бөлүмгө башчы андан-мындан качканды, 1-2 ай иштей турсун дегендерди, гезиттерге батпай келген шүмшүктөрдү жиберчү эле. Кебетесине караганда накта шүмшүгүн эми жиберген экен деп. Ошентип, Шакем менен иштеше баштадык. Көрсө Шакем, таланттын таланты катары бөлүп-жарылуу дегенди билбеген, улуу-кичүүгө бирдей мамиле кылган, күлүп-жайнап тамашаны айта да билген адам экен. Бат эле камыр-жумур болуп иштешип калдык. Эмнегедир эртең менен жумушка келгенде түз эле Шакемдин кабинетине келебиз. Издегендерди ошол жерден табышат. Биз го куудул, төкмө, ырчылар ишибиз боюнча Шакеме жакынбыз. Биз эмес сурнай тарткандар, сприпка чойгондор, бийчилер дагы ошол жерде. Эрмек Мойдунов келет, аны Асанкул аксакал “Акыркы кабар” деп коёт.
Эрмек түз эле Ак үйдөн келгендей кеп баштайт. Кимдер кызматтан алынарын, кимдер кызматка турарын. Иши кылып Шакемдин кабинети бака-шака каткырык. Анда дагы Асанкул аксакал: “Ой, Келдибек, биз Шайлообектин тек жайын сураштырчы, мунун Нарындан келгенине шегим бар. Эртеден кечке мунун кабинетин жиндикана кылып таштайбыз. Эч бир кабагым-кашым дебей, эч кимди кагып-силкпей биз менен кошо каткырып отурат дагы колунан калеми түшпөй жазып отурат. Ушундай кандай болсун. Нерви нерв экен. Мени бирөө алаксытып ийсе катынымдын аты эмес, өзүмдүн атымды таппай калам. Бул бөлөк планетадан келген “инопланетанин” болуп жүрбөсүн. Буларга баары бир деп бизге эксперимент катары жиберген болуш керек. Ушундай дагы киши болобу?”-деп бизди күлдүрөт.
Шакем филармонияда аябай жемиштүү иштеди. Интермедия, сатираларды жаңыча иштеп чыктык Шакем, Бекин болуп “Бегай” деген моно спектакль чыгардык, аныбыз Кыргызстанга “дүнк” эле дей түштү. Бир мисал, Чаекте бир күндө 5 жолу көрсөтсөк директорубуз ишенбейт, ал киши дагы жумгалдык эле. Абдурасул Жунушев деген байке Жумгалда маданият тармагын башкарган Шарипа эжеге чалса ал: “Ой, түнкү саат 1 болуп кетти. Болбосо буларың алтынчысын коюшмак”-деп айткан экен.
Шакем төкмөлөргө багыт берчү, алардын жазып келген термелерин текшергендиктен элге аябай алынган чыгармалар болчу эле. Композитор, обончулар Шакемдин эшигин сагалап турушчу обонума текст жазып берчи дешип. Көпчүлүк элге алынып кеткен ырлар ошол Шакемдин тушунда пайда болгон. Иши кылып Шакем адабий бөлүмдү абдан жогорку деңгээлге көтөрдү эле.
1992-жылы эсил кайран СССР кулап тамагыбыз тургай табагыбызды таппай калган кезде Москвада окуп, жашаган аспиранттар биринчи жолу Нооруз майрамын өткөрөбүз дешип Ак үй аркылуу өнөрпоздорду чакырып калышты. Шакем баштап беш-алтообузду атайын жөнөтүштү. Жеткенде алар бизди кастарлап тосуп алышып элчиликтин мейманканасына жаткырышты. Шакем экөөбүзгө бөлүнгөн бөлмөгө кирсек оозгу, төркү болуп эки бөлмөдөн турат экен. Оозгуда бирөө жаткандыктан биз төркүгө өтүп жайгаштык. Анан бизди шаардын туш тарабына алып барышты. Ошондо бизге Москва эмнегедир суз, көңүлсүздөй көрүндү. Байкуштар аябай сыйлашты. Ал кезде “сухой закон” болуп калып эч нерсе жок, дүкөндөрдүн көбү какшыган. Биздин балдар кечке шаарды кыдыртып жүрүшүп кечинде мейманканага алып келишти. Баягы оозгу бөлмөдө жаткан мыртыйган корей менен тааныштык. Эртең менен турсак тиги жок. Жуунчу бөлмөгө кирсек айланайын ошол убакта анын атыр-самыны бүт чет элдики экен. Шакем: “Келдибек, атасынын оозун урайын бул биздин пияз, чеснок, калемпирлерди сатып келген кызыл кулак болуш керек. Ушунукун эле уруналы, буларга убал жок”-дегенде корейдикин колдоно баштадык. “Шаке, бул кечинде келип капа болбосун”-десем: “Эй, мыртыйган неме экен, сен алдагы кебетең менен кулак түпкө урсаң “күп” этип кулап түшөт. Калганын мен Баратбай үйрөткөн ыкмалар менен элеп таштайм”-дебеспи.
Ошентип биз дагы кеттик. Москвалыктар шаардын четтеринен эптеп самогон, колго жасалган винолорду таап келишкен экен. Ошолор менен бизди сыйлап түн ичинде келатабыз. Баягы корейди сабайбыз деп. Келсек ал корей бизди жаркылдап тосуп алса болобу. Чайын даярдап, бир кооз бөтөлкөдөгү вискисин ортого койду. Чет элдин момпосуйлары жайнайт. Андайда кыргыз ээрип кетет эмеспи. Экөөбүздүн катып жүргөн бир коньягыбыз, сүрсүгөн колбасабыз бар эле. Биз аларды алып чыктык. Ойда жыргап, таанышып кирсек тиги мыртыйган корей Кыргызстандын карате боюнча машыктыруучусу экен. Спортчуларын чет жактарга алып барып, чоң жеңиш менен келе жаткан кербези тура. Ошентип жатып калдык. Тиги кошунабыз таң атпай туруп биз менен коштошуп: “Японияга учам”- деп жаркылдап кетип калды. Ал кеткенден кийин Шакем айтып жатпайбы. Кеке, ажалдан калган экенбиз. Сен аны урганда колуңду кайрып, колтугуңан айрып таштамак экен. Мен тепкенде бутумду кайрып, чатымды жараксыз кылмак экен деп. Ошентип калган жумуштарды бүтүрүп этеси аман-эсен учуп келгенбиз.
1993-жылы Шакем: “Мен бул жерде жүрө берсем чыгармачылыгым токтоп калчудай. Мен эми гезит жактарга ооп жалаң өзүмдүн чыгармаларыма көңүл бурайын. Кабарлашып, катташып туралы”-деп чай берди. Манасчы Уркаш байке Шакемдин кетип жатканына капа болуп: “Ой, Шаке, тогуз жыл чогуу иштешип сени менен бир да жолу стакан кагыштырбаптырмын, азыр келем”-деп сыртка чыгып кеткен. Бат эле каткырып “Кагор” деген винону көтөрүп келип баарыбызды күлдүргөн эле. Асаке: Ой, Уркаш, толгон ичкиликтен ушул “Кагорду” көтөрүп келдиңби?”-десе, “билбейм, ава. Төрөгөндөн кийин ушу “Кагорду” ичишет дегенди уктум эле, жакшы болуш керек деп алып келдим”-деп каткыртты эле ыраматылык авам.
Анан сыртка чыксак бир ак “Волга” күтүп турган экен. Шакем ага түшүп жөнөп кетти. Асакем аңкайган боюнча туруп минтип атпайбы: “А атаңдын оозун урайын бул тогуз жыл бизди келесоо кылган турбайбы, мунун тилеги Ак үй тура мына кетти”-деп. Көрсө ал “Волганын” айдоочусу өзүнүн классташы, “Советтик Кыргызстанда” иштеген Мады тура.
Шайлообек менен Баратбай менин элдир-селдир жазып калганыма түрткү беришкен эле. Аман болгула менин чыгармачылыктагы устаттарым! Шаке 70 жашың менен!
Келдибек Ниязов
Булак: “Багыт.kg”