www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Келдибековго ишенсек болот

Эгер түштүктөн президент болсун десек анда Ахматбек Келдибековду колдосо болот. Жаш курагы да, билим деңгээли, жүрүм-туруму да шайкеш келет. Ал эми жеп-ичкени боюнча айтсак, жаш кезде кимдер жаңылбаган, жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт эмеспи. аздыр-көптүр башынан жаман-жакшы өтүп калды дегендей.

Ак менен караны ажырата билип да калды. Балким мамлекеттин жоопкерчилигин мойнуна алса бир топ иштерди жасайт беле. Сооронбай Жээнбековго караганда бир топ эле өйдө болуп жатпайбы. Сооронбайдын согу деле чыгып бүттү. Түштүктө башка бычакка сап лидер азырынча жок. Мелис Мырзакматовдо шанс жок, Кыргызстандан чыгып кеткен, кайтып келсе камалып кетиши мүмкүн. Анын үстүнө интеллектуалдык деңгээли жагынан анчейин эмес.

Камчыбек Ташиевдин чоң муштумдугу, Ак үйдүн тосмосунан секиргени бир топ кадыр-баркын жууп кеткен. Ошол себептүү учурда Келдибеков гана татыктуудай болуп турат. Калганына эл өзү баа берсе керек...

Булак: "Ачык саясат" 

 

Последние новости