www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШга өткөн жуманын кечинде Пекинден дипломатиялык шашылыш билдирме келип түшкөн. Аталган билдирме 150 беттен турган дүйнөлүк эки ири экономикалык келишимди заматта жокко чыгарып коючу билдирүү эле. Бул тууралуу ишенимдүү булактарына таянуу менен Рейтер сайты жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, аталган документ АКШнын негизги талаптарына каршы Кытай тараптан карала кылып оңдолгон.
Американын интеллектуалдык жекелигине жана коммерциялык сырына кол салуу, технологияларды мажбурлап берүү, атаандаштык, каржылык тейлөөгө кирүү, валюталык баш айлантуу боюнча АКШнын баштаган согушунан улам, Кытай тарап негизги талапты жөнгө салуу үчүн, Соода келишиминин ар бир 7 келишиминде шарттарды аткаруудан баш тарткан оңдоолорду киргизген.
АКШ президенти Дональд Трамп, жекшембиде твиттерге Кытай менен болгон сүйлөшүүлөр “өтө кечеңдеп” жатканынан Кытай азыктарына импортко болгон салыкты 200 миллиард долларга (25%) көтөрөөрүн жазып чыккан.
АКШнын Ак үйүнүн соода өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы жана каржы министрлиги бул тууралуу берилген суроолду жоопсуз калтырган.
Ал эми Кытайдын Тышкы иштер министрлиги соода боюнча:“эки башка көз караштын келип чыгышы, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө алып келет. Кытай мындай көйгөйлөрдөн качпайт” – деп айткан.
АКШ 10-майдан баштап салыкты көтөрөт. Трамп, АКШда бийлик алмашса да Кытай үчүн шарт өзгөрүүсүз каларын билдирди.
Булак:NazarNews.kg